Перейти на новый сайт

«Мобилдик которуу»

Өз балансыңыздан жакындарыңыздын балансына акча каражат которуңуз

Сиздин эсебиңизден башка MegaCom абоненттин эсебине акча каражаттарын которуу

которулган жалпы суммадан 2%.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Мобилдик которуу» кызматы абонентке өзүнүн эсебинен MegaCom түйүнүнүн башка абонентинин эсебине акча которууга мүмкүнчүлүк берет.

Кызматтан алдын ала төлөнүүчү жеке коммерциялык тарифтик пландарынын абоненттери пайдалана алат (алдын ала эсептөө системасындагы жеке тарифтик пландарынын абоненттери).

Кошумча маалыматты *5500 номурунан алууга болот.

Которуунун жалпы суммасынан 2% өлчөмүндөгү комиссия алынат

.

Өзүңүздүн телефонуңуздан «Мобилдик которуу» кызматын жаап салуу

*550*00#

MegaCom түйүнүнүн абонентинин эсебине акча которуу 

*550*1*0XХХхххххх*которулуучу сумма#

«Мобилдик которуу»  кызматынан пайдалангандыгыңыз үчүн которуунун жалпы суммасынан 2% өлчөмүндөгү комиссия алынат (комиссияны акча которуп жаткан абонент өзүнүн эсебинен төлөйт).

Акча которууда төмөнкүдөй эрежелер бар:

  1. Суткасына которуунун эң чоң суммасы – 5000 сом
  2. Суткасына которуунун эң аз суммасы –  20 сом
  3. Которуудан кийин өздүк эсепте калуучу эң аз сумма – 10 сом
  4. Которууну алгандан кийин эсепте калуучу эң көп сумма – 1000 сом
  5. Суткасына которуунун эң көп саны – 5 жолу
  6. Суткасына бир жолку которуунун эң көп суммасы – 1000 сом
  7. Которуулардын ортосундагы эң аз интервал – 2 мүнөт
  8. Баштапкы баланска кирген сумманы которууга болбойт
  9. Абонент алган сумманы 24 сааттын ичинде башка бирөөгө которо албайт
  10. Которуу суммасы 10го  бөлүнүшү керек (мисалы, 30, 40, 100, 120, 150, 170 ж.б.)
  11. Акча каражаттарын которуп жаткан абоненттин акыркы айдын биринчи күнүнөн баштап ушул күнгө чейинки төлөмдөр 100 сомдон кем болбошу керек.
  12. Учурдагы күн үчүн төлөмдөр эске алынбайт.
  13. Мобилдик которуу акысы кошулган эмес.

«Мобилдик которуу» кызматы аркылуу которулган каражат абоненттик номурду активдештирбейт.

MegaCom компаниясы мисалы, «Мобилдик которуу» кызматынан пайдаланып жатып маалыматтарды туура эмес киргизип алгандыгы үчүн жоопкерчиликти мойнуна албайт.

«Мобилдик которуу» кызматын кайрадан кошуу үчүн, MegaCom компаниясынын Кардарларды колдоо кызматына же Абоненттерди тейлөө борборлоруна кайрылуу керек.

MegaCom компаниясы «Мобилдик которуу» кызматынын алкагындагы төлөм жөнөтүүнү кайра кайтарып алуу убактылуу иштебей тургандыгын билдирет.

«Мобилдик которуу» кызматы кошулган учурда Сиздин жакын адамдарыңыздын балансын автоматтык түрдө толуктоого мүмкүнчүлүк берген «Автотөлөм» кызматы менен колдоно аласыз.

«Мобилдик которуу» кызматы «СуперЧектөөсүз 4G», «Үй интернети», «Чектөөсүз 4G Modem», «Чектөөсүз 4G Wi-Fi Router», «Чектөөсүз 4G Wi-Fi Wingle», «Акылдуу түзмөктөр», «Кызматтык» тарифтик пландарында, «Salam» брендинин тарифтеринде, жана  да MegaCom кызматтарын колдонуп жаткандыгына 3 айдан аз убакыт болгон жана келишим түзүүнүн бардык баскычтарынан өтпөгөн абоненттерге жеткиликтүү эмес.

MegaCom түйүнүнө жаңыдан кошулган жаңы абоненттердин дагы акча каражаттарын которуп жатканда акыркы айдын биринчи күнүнөн баштап ушул күнгө чейинки төлөмдөр 100 сомдон кем болбошу керек.


Сунушталган кызматтар

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы