Перейти на новый сайт

Абоненттик номурдун иштөө мөөнөтү

Абоненттик номурдун урунуу мерчимине (циклына) ылайык, абонент акыркы 90 күндүн ичинде акы төлөнүүчү байланыш кызматтардан пайдаланбаса жана жеке эсебин толуктабаса, номурдун статусу байланыш кызматтарынан пайдаланууну шарттаган «активдүү режиминен» «күтүү режимине» алмашылат. Абонент «Күтүү режиминдеги» номурдан акысыз кызматтарга чалуу жана балансын толуктоо мүмкүнчүлүгүнө гана ээ болот. «Күтүү режимин» активдүү режимге которуу үчүн абонент номурдун балансын каалаган суммага толуктоосу керек жана толуктагандан кийин  балансы оң абалда болушу шарт.

Абоненттин номуру төмөндөгү учурларда жокко чыгарылат:    

  • Акыркы 180 күндөн ашык убакыттын ичинде акы төлөнүүчү байланыш кызматтардан пайдаланбаган жана балансына төлөмдөрдү аткарбаган учурда;
  • Аракеттеги тарифтик план жокко чыгарылган учурдан тарта 90 күндүн ичинде абонент тейленүү үчүн башка тарифтик планга өтпөгөн учурда;
  • Байланыш кызматтарын көрсөтүү  мөөнөттүү келишиминин (аракеттеги)  аракет мөөнөтү аяктаган шартта;
  •  Эсептешүүнүн насыялык ыкмасын колдонууда байланыш кызматтарын көрсөтүүнү токтотуудан тарта 30 күндүн ичинде карызын кайтарбаган  учурда  же карызы болгон номурдан 90 күндүн ичинде пайдаланган учурда;
  • Келишимди жокко чыгаруу жөнүндөгү абоненттин арызынын негизинде.