Перейти на новый сайт


«NITRO»

NITRO – Интернеттин ыкчамдаткычы
«NITRO» топтомун тандаңыз
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Акысыз интернет кызматын каалайсызбы? «NITRO» топтомдору менен колдонуңуз

«NITRO» түркүмүнүн интернет-топтомдору MegaCom абонентине «Чексиз интернет 1 ГБ» же «Unlim24+» тарифтик опциясы кошулган шартта, сутканын каалаган убагында  жеткиликтүү болгон чектелбеген  ылдамдыктагы тарифтөөсүз интернет-трафиктин кошумча көлөмүнөн пайдаланууга шарт түзөт.

Пакеттин аталышы Интернеттин көлөмү
NITRO S 500 МБ
NITRO M 1ГБ
NITRO L 5ГБ

NITRO S кошуу

15.0
сом.

NITRO M кошуу

30.0
сом.

NITRO L кошуу

90.0
сом.

NITRO S кошуу

*190*1*1#

NITRO M кошуу

*190*1*2#

NITRO L кошуу

*190*1*3#

Трафиктин калдыгын жана аракетте болуу текшерүү 

*505#

Статусту текшерүү

*190#

«NITRO» түркүмүндөгү топтомдорун «Чексиз интернет 1 ГБ» же «Unlim24+» тарифтик опциясы аракетте болгон учурда гана кошууга болот.

«NITRO» түркүмүндөгү топтомдор бир убакытта кошулуусу мүмкүн, бирок бир убакытта кошулган мегабайттардын көлөмдөрү топтолбойт, ар бир топтомдун көлөмү кошулган убактысына жараша кезеги менен сарпталат.

Көлөмү бирдей топтомдорду бир убакытта бир номурда кошууга мүмкүн эмес, алгач аракеттеги топтомду сарптап, андан кийин жаңы топтомду кошуу керек.

«NITRO» түркүмүндөгү топтомдорунун аракет мөөнөтү – кошулган убакыттан тарта 24 саат.

«NITRO» түркүмүндөгү топтомдор кайсы учурда өчүрүлөт: 

  • Топтом боюнча трафик толугу менен сарпталганда;
  • Чексиз тарифтик опциясы  өчүрүлгөндө (бир убакытта);
  • Кошулган убакыттан 24 саат өткөндөн кийин.

«NITRO» түркүмүнүн топтомдорун өчүрүүдө  топтом аркылуу берилген мегабайттардын сарпталбаган бөлүгү жокко чыгарылат.

Аракеттеги чексиз тарифтик опциясы абонент тарабынан өчүрүлгөндө же «Unlim24+» опцияларынын аракет мөөнөтү аяктаганда, «NITRO» түркүмүндөгү топтомдор өчүрүлөт, ал эми топтомдун калдыгы жокко чыгарылат.

Интернет-трафиктин тегеректөө кадамы абоненттин аракеттеги тарифтик планынын тегеректөө кадамына шайкеш болот.    

Абонент  роумингде болгон учурда «NITRO» тарифтик опциясы жеткиликтүү болбойт.

Тарифтөөнүн аталган шарттарын ишке киргизүүдө, топтомдорду кошкондон кийин аракеттеги интернет-сессияны токтотуп жана жаңысын баштоо үчүн телефон аппаратын өчүрүп-жандыруу керек. Болбосо, аракеттеги сессия үчүн мурдагы тарифтөө сакталып калат. Туура тарифтөөнү камсыздоо үчүн топтом кошулгандан кийин 60 сек.(мүн.) өткөндөн интернет топтомдон колдоно баштоо зарыл.


Сунушталган кызматтар

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы