Перейти на новый сайт


Абоненттин коопсуздугу

Урматтуу MEGA түйүнүнүн абоненттери!

Бул бөлүм MEGA абонентинин номерин же анын жеке эсебиндеги каражаттарды уруксатсыз колдонуунун алдын алууга шарт түзөт.

Сиздин телефон номериңизди же жеке эсебиңиздеги каражаттарды бейтааныш адамдардын уруксатсыз колдонуусунун алдын алуу үчүн, телефон аппаратыңызды сервистик тейлөө же оңдотуу үчүн берип жаткан учурда, SIM-картаңызды чыгарып алууну сунуштайбыз. Бейтааныш адамдар SIM-картаңыздын  профилинин жупнускасын (дубликат) жасап алып, Сиздин номериңизден чалуу аткарып, жана да жеке эсебиңизден каражат сарпташат. SIM-картаңызды (телефонуңуз менен чогуу же өзүн эле) убактылуу колдонуу жана сактап коюу үчүн башка адамдарга берүү кооптуу.

Телефонуңузду жоготуп алууда!

Мобилдик аппаратыңызды жоготуп алсаңыз, бул тууралуу компаниянын Байланыш борборуна (*500 же 0555 50 00 00) же Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна кайрылыңыз. Сиздин телефонуңуз өчүрүлгөн болуп, ал эми PIN-код өчүрүлбөсө, бейтааныш адамдар Сиздин эсебиңизден байланыш кызматтарын колдонбоосу үчүн адистер номериңизге бөгөт коёт. Тактап айтканда, Сиздин номериңизге  “Тыным” ( Административдик кызматтар  бөлүмүн караңыз) кызматы кошулат. Номериңизди өз учурунда бөгөттөн чыгарган учурда, номериңиз жана балансыңыз  сакталып калат. Ушул номерди колдонууну улантууну кааласаңыз, Сиз Сатуу жана тейлөө борборунан жаңы  SIM-карта сатып алууңуз зарыл. “Тыным” жана “Жоголуп кеткен  SIM-картаны калыбына келтирүү” кызматтары компания менен Келишим түзгөн абоненттерге көрсөтүлөт.

Маанилүү! Бөгөттөө кызматы үчүн акы алынат. Демек, кызматты узак убакытка чейин колдонууда балансыңыз өчүү чегине жетүүсү мүмкүн. Ошондуктан SIM-карта жоголуп кеткенден кийин, аны тез аранын ичинде калыбына келтирүү талапка ылайык. Бул учурда балансыңызда көбүрөөк акча каражаттарыңызды сактап калсаңыз болот. Өчүү чегине жеткенден кийин, балансты толуктоодо бөгөттөө автоматтык түрдө өчүрүлөт. Сиздин номериңиздин мобилдик шылуундар тарабынан колдонулуусунун алдын алуу үчүн, жоголгон SIM-картаны колдон келишинче  тез аранын ичинде калыбына келтирүү талапка ылайык болот.
 

Мобилдик шылуундуктун кеңири жайылган түрлөрү

Мобилдик алдамчылык менен алектенгендердин саны күндөн-күнгө көбөйүп, тилекке каршы, алардын тузагына кабылган  ишенчээк жарандарыбыздын саны да арбып келет. Алдоонун улам жаңы жолдору да пайда болуп жаткандыгын да эсиңизге салабыз. Азыркы учурда кеңири жайылып жаткан ыкмалар:

1.Куттуктайбыз, сиз утушка ээ болдуңуз!

Мобилдик алдамчылар радиостанциялардын диджейлери же байланыш борборлорунун адистеринн атынан Сизге  чалып,  кайсы бир акциядан (белгилүү  бренддерди атоо менен)  утушка ээ болгондугуңуз менен куттукташат. «Жеңүүчү» плазма сыналгысын же башка баалуу байгени утуп алгандыгын маалымдашат. Албетте, кубанычтуу кабар деңизчи. Ошондой болсо  да, шашылбаңыз! Белекти алуу үчүн белгиленген убакыттын ичинде  кыска номерге бирдик жүктөө керек экендигин же атайын USSD-буйрууну терип, андан кийин активдештирүү кодун билдирүүнү сунушташат.  Кодду тезирээк билдирбесеңиз, байгеден куру кала тургандыгыңызды  да айтышат.

Сизге күмөндүү сунуштар менен  кайрылып, ишендирүүгө аракет кылып жатышабы? Булардын алдамчылар экендиги шексиз!

Эгерде чалып жаткан адам сизди ишендирүүнү кааласа, бирок алардын аракеттери сизде шектенүү жаратса, *500 же  0555 50 00 00 номерлери аркылуу компаниянын маалымат кызматына чалып ( күнү - түнү), MEGA тарабынан өткөрүлүп жаткан акциялар тууралуу маалымат алсаңыз болот.

Зарыл маалыматты MEGA компаниясынын Сатуу жана тейлөө борборлорунун биринен же  www.megacom.kg веб-сайтынын «Жаңылыктар жана пресс-релиздер» бөлүмүнөн алууга болот.

2.Зыянга учуратуучу  программалык камсыздоо (ПК)

Мобилдик телефонго тиркемени киргизүүдө зыянга учуратуучу программалык камсыздоо (ПК) жайылып кеткен учурлар көп кездешүүдө. Шектүү программа чалуулардын аткарылышына, SMS-билдирүүлөрдүн жөнөтүлүшүнө  жана топтомдук маалыматтарды алмашууга алып келет. Мындан тышкары, шылуундардын Сиздин мобилдик эсебиңизге кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.

Уюлдук оператор, мобилдик телефонуна белгисиз программаларды орнотууда, өз абоненттерине  сак болууну эскертет.

Өз мобилдик эсебиңизди зыяндуу программалардын кесепеттеринен коргоо жана алдамчылардын шылуундук аракеттеринин курмандыгы болуп калбоо үчүн,  жөнөкөй коопсуздук эрежелерин эсиңизден чыгарбоону сунуштайт: шилтемелери менен шек жараткан билдирүүлөрдү, кокусунан утушка же байгеге ээ болгондугу тууралуу маалыматтарды текшерүү, сервистерди көрсөтүү шарттарын окуу, кайсы бир программаны жүктөөдө мобилдик телефондун ички тууралоолоруна жетки алууну чектөө.                                                                                                                              

3.Сиздин уулуңуз тергөө изоляторунда!

SMS же чалуу аркылуу билдирилген мындай кабарды алган адам сестенбей койбойт эмеспи. Жакындарыңыздын же досторуңуздун кырсыкка кабылгандыгы тууралуу жалган кабарды да маалымдашат.  Алдамчылар милиция кызматкерлеринин атына чалуусу мүмкүн жана номерди каалагандай тергендиктен, сизге туш келип калышы толук ыктымал. Алар кайсы бир банк эсебине же телефон номерине акча которруп коюшуңузду сизден талап кылат. Ишенчээк ата-энеге туш келип калса, албетте, шылуундардын ойлогон ою ишке ашат.

Мындай учурда ыкчам иш-аракеттерди жасап, телефон чалып жаткан адамдын айтканын ошол замат аткаруудан мурда балаңызга, досуңузга же жакындарыңызга чалып, жагдайды тактап алыңыз. Балким, сиз  жардам берүүгө ашыгып жаткан  жакын адамыңыз үйүндө эч нерседен капары жок уктап жаткандыр.

4. MEGA компаниясынын кызматкерлери түрдүү кызматтарды тестирлөөдөн өткөрбөөнү суранат.

Компания кызматкерлери түйүндү, кызматты, сервисти же жаңы тарифти тестирлөөдө, мобилдик телефонунан кайсы бир буйрууну терүүнү суранып, абоненттерине чалбайт.  Мындай өтүнүчтөр менен, албетте, мобилдик алдамчылар кайрылышы мүмкүн жана мындай иш-аракеттерди аткарууда абонентердин эсебинен акча каражаттары чыгарылат. Айрым учурда чалууларды кайра даректөө кызматы ишке киргизилиши да ыктымал.Кайра даректөө кызматы активдештирилген учурда, мобилдик номерди тергенде чалуу башка номерге, маселен, чет өлкөгө даректелип калышы мүмкүн. Эсиңизден чыгарбаңыз, «түйүндү/кызматты тестирлөө» өтүнүчү бул шылуундуктун белгиси.

5. Алдын ала төлөм карталарын активдештирүү

Сизге алдын ала төлөм карталарын сатып алууну, уюлдук телефондордун кайсы бир номерлерине алдын ала төлөм карталарын активдештирүүну сунуштоосу мүмкүн. Бул үчүн MEGA компаниясынын баалуу байгелер бериле тургандыгын айтышат.
Бул учурда алдамчылардын мындай өтүнүчүн аткаруудан баш тартыңыз. Бул эч кандай акция болушу мүмкүн эмес. Так маалымат алуу үчүн  *500 номерин териңиз. Сизге компаниянын Байланыш борборунун адистери жардамга келишет. Уюлдук оператордун тейлөө борборлоруна кайрылсаңыз да болот.

Бейтааныш адамдар тарабынан айтылган номерлерге алдын ала төлөм карталарын активдештирбеңиз, жана да Сиз сатып алган төлөм карталарынын PIN-коддорун башка адамдарга бербеңиз.

 Сиз бейтааныш адамдардын сөздөрүнө ишенип, расмий түрдө тастыкталбаган күмөндүү акцияларга катышып, алдын ала төлөм картаңыздын  PIN-кодун бейтааныш адамдарга берген учурда, MEGA компаниясы Сиз тарткан каржылык зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү эмес.

6. Социалдык тармактардагы шылуундук

Абонентке социалдык тармактардын биринен төмөнкүдөй мазмундагы SMS келет: «Сиз спам- жөнөтмө тараткандыгыңыз үчүн бөгөттөлдүңүз.  Бот эмес экендигиңизди далилдеңиз. Бул үчүн  хххх номерине хххххх тексти менен SMS жөнөтүңүз».

Көңүл буруңуз: көрсөтүлгөн номерге  SMS жөнөтүү менен да, көп каражатыңызды алдырып мүмкүн. Дагы бир схема: абонентти  соцтармактардын псевдосайттарына багыттайт. Белгисиз бир  шилтеме аркылуу өтүү тууралуу SMS алат, шилтеме боюнча өткөн абонент социалдык тармактардын баракчаларына окшош сайтка кирип калат. Шилтемени басууда телефонго зыяндуу программалык камсыздоосу менен  java тиркемеси жүктөлөт жана ишке киргизилет. Зыяндуу тиркеме аркылуу  мобилдик шылуундардын номерлерине  каражаттарды которууну шарттаган  SMS жөнөтүлөт. Андан кийин аз убакыттын ичинде мобилдик шылуундар каражаттарды өз мобилдик эсептеринен чыгарып кетишет.

7. Чалып алсам болобу!

Көчөдөн  бейтааныш адам келип, досуна “маяк берип алуу”, ооруп жаткан апасына же үйдөгү балдарына чалып алууну суранып кайрылган учурлар да кооптуу. Алар өз телефонунда бирдиктин жетишсиздигин, телефонунун батареясы аз экендигин же  чалуунун шашылыш экендигин шылтоо кылышат. Бир мүнөттүн ичинде телефонду кайтарып бергени менен, эсептеги каражаттар азайып калат. Чалуу акы төлөнүүчу номерге аткарылат.

8. Мага акча жөнөтүңүз!

Абонентке төмөндөгүдөй  мазмундагы  SMS келет: «Мен сага чала албай жатам, акчам жок, 20 сом жөнөтүп  коесуңбу». Билдирүүнү алган колдонуучу ал номер менен байланышууну кааласа,  «абонент тейлөө аймагынан тышкары» деген жоопту угат. Айрым ишенчээк колдонуучулар суралып жаткан сумманы жөнөтүшөт.

9. Мага акчамды кайтарып бериңиз!

Мобилдик телефондун колдонуучусуна кимдир бирөө эсебине белгилүү бир сумманы которуп койгондугу тууралуу  SMS-билдирүү келет. Көпчүлүк учурда сумма анчалык чоң эмес болот. Бир нече мүнөттөн кийин сумманын жаңылыш жөнөтүлгөндүгү жана  кайрадан кайрып берүү суранычы менен башка  SMS келет. Мындай билдирүүлөр  Интернеттен келет  жана бул учурда жөнөтүүчүнүн номери маалымдалбайт. Анын ордуна алуучунун дисплейинде маалыматтык билдирүүгө окшош кыска номер пайда болот.

Албетте, абоненттин эсеби толукталбайт, ал эми досуна акча жөнөтүүдөгү жаңылыштык тууралуу аянычтуу окуяга болсо, жөн гана алдамчылык  же ишенчээк, ак ниеттүү  адамдарды  алдоонун жолу катары баа берүүгө болот.