Перейти на новый сайт

Кантип абонент боло аласыз

MEGA абоненти болуу үчүн милдеттүү түрдө компания менен уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишимин түзүү зарыл.

2014-жылдын 17-февралында кол коюлган жана үстүбүздөгү жылдын 8-мартында күчүнө кирген «Кыймылдуу радио телефондук байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык. Номурду 2015-жылдын 1-октябрына чейин каттоодон өткөрүү зарыл экендиги тууралуу эсиңиздерге салабыз. Аталган мөөнөттүн ичинде персонификациядан өтпөгөн номурларга бөгөт салынат.

Толук маалымат *400 номуру боюнча, компаниянын абоненттери үчүн чалуу акысыз.

Оператор менен келишим түзгөн абонент бир катар артыкчылыктарга ээ болот:

  • өзүнүн эсебинин деталдоосун алуу мүмкүнчүлүгү;
  • келишимдик абоненттерге гана жеткиликтүү болгон кызматтарды кошуу;

«Кантип келишим түзүүгө болот: MEGA абоненттери келишим түзүү үчүн компаниянын каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна же Фирмалык салондоруна кайрылуусу зарыл. Өзүнүн жанында инсандыгын ырастаган документтин жана каттоодон өткөрүүнү каалаган телефон номурунун sim-картасы болушу зарыл.

Келишим 16 жаш курагына толгон жактар менен түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:

  • Жарандын колдонуу мөөнөтү өтө элек (аракеттеги) ID-паспорту;
  • Армиянын аракеттеги офицердик күбөлүгү;
  • Кайрылмандын күбөлүгү;
  • Аскер билети;
  • Айдоочунун күбөлүгү;
  • Бааргер күбөлүгү.

Чет өлкөлүк жарандар үчүн:

  • Паспорт (ички, чет-өлкөлүк, дипломатиялык, кызматтык);
  • Качкындын күбөлүгү же анын ордуна берилген инсандыгын аныктаган документ;
  • КРде убактылуу же туруктуу жашап туруу укугун берүүчү документ.

Абоненттерди тейлөө борборлорунун даректери

Төлөм жүргүзүү

Байланыш кызматтарын накталай түрдө же алдын-ала төлөм картасын пайдалануу менен төлөөгө болот. Накталай төлөмдөр төмөндөгү жерлерде кабыл алынат:

Абоненттерди тейлөө борборлору

Төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрү

Жүргөн өлкөнүн каалаган коммерциялык банкында.

Кардарларды колдоо кызматы 
Байланыш кызматтарын кошуу, төлөмдөрдү жүргүзүү жана башка Сизди кызыктырган суроолор боюнча, MEGA компаниясынын Кардарларды колдоо кызматына 0555 50 00 00 же *500 номурлары боюнча кайрылууга болот. Чалуу компаниянын абоненттери жана катталган тармактар үчүн АКЫСЫЗ, башка уюлдук операторлордун абоненттери үчүн чалуу тарифтик планынын шарттарына ылайык ишке ашырылат.

Кардарларды колдоо боюнча акы төлөнүүчү кызмат *505 
MEGA’дан Кардарларды колдоо боюнча акы төлөнүүчү кызматынан *505 номуру боюнча маалыматты ыкчам алууга болот. Адис менен байланышууну линияда күтпөстөн, ыкчам чалып зарыл болгон маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү кызматтын негизги артыкчылыгы. Кайрылуунун наркы, баарлашуунун узактыгынан көз карандысыз – 10 сом түзөт. Кызмат MEGA абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.