Перейти на новый сайт

Киоск

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

"Киоск" (http://kiosk.megacom.kg/) − бул алдыңкы басмаканалардын популярдуу журналдарын окуунун заманбап ыкмасы, гаджетиңиздеги журналдар китепканасы. Каалаган убакта жеткиликтүү жана жаныңызга алып жүрүүгө ыңгайлуу. Сүйүктүү журналдарыңыздын салмагы телефондон ашпайт.

Бул кантип иштейт?
Бир эле журнал менен чектелбестен, сизге эмне жакса, баарын окуй аласыз. Жаңы басылмалар жана буга чейин басылып чыккан журналдар – бардыгы Сиз үчүн. Ар түрдүү мазмундагы журналдар топтомун барактап, саясат, мода, искусство, билим, илим жана спорт дүйнөсүнө саякаттаңыз. Мындан тышкары, айымдардын жана мырзалардын, автоунаа сүйүүчүлөрдүн, илимдин кенин издеген илимпоздордун, көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк жана башкалар менен алектенгендердин көңүлүнө төп келе турган кызыктуу журналдарды, илимий-популярдуу басылмаларды табууга болот.

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм

4.5
сом.

Статусту текшерүү

*5021#

Жазылуу

*5021*1#

Өчүрүү

*5021*0#
  1. Кызмат  Salam брендинин тарифтик пландарынан «Чектөөсүз 4G» тарифтик пландар түркүмүнөн,  «МегаБит» ТП, «Акылдуу тузмөктөр»,  «Үй интернети», «Ылдам интернет», «Wi-Fi Роутер», «Суперчектөөсүз 4G» тарифтик пландарынан тышкары, калган бардык  коммерциялык тарифтик пландарда жеткиликтүү.
  2. Сервис "Тыным" кызматын кошкон абоненттерге көрсөтүлбөйт.
  3. Сервисти  алгачкы жолу кошууда 72 саатка сыноо мөөнөтү берилет. Эгерде абонент кызматты сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин өчүрсө, сыноо мөөнөтү автоматтык түрдө аяктайт. Кийинки жолу кошууда, сервис автоматтык түрдө кошулат жана абоненттик төлөм алынат.
  4. Абонент - жазылуучу роумингде болгон учурда:
    а. абоненттик төлөм АТ эсептөө эрежелерине ылайык алынат;
    б. абонент MEGA24 тиркемеси, USSD же SMS каналдары аркылуу кызматты башкаруу сурамдарын колдоно албайт;
    с.  абонент веб-порталдын контенин көрө алат, ал эми интернет-трафик роуминг-өнөктөштүн шарттарына ылайык тарифтелет.
  5. Веб-порталда авторизациялоо үчүн логин катары абоненттин телефон номери жана SMS аркылуу алынган бир жолку жашырын сөз (төрт сандан турган код) колдонулат.
  6. Баасы кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен, Сатуу салыгын эсепке албастан көрсөтүлгөн.
  7. Кызмат «ИМТехнологиялары»  ЖЧК контент-провайдери тарабынан көрсөтүлөт.

Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • Нумеролог

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы