Перейти на новый сайт

«Роуминг»

Саякатта жүрүп, ар дайым байланышта болуңуз

Алдын ала төлөө формасында тейленген абоненттерге реалдуу убакыт режиминде чалуу, интернет жана SMS кызматтарын тарифтөө мүмкүнчүлүгү каралган роумингди кошуу (активдештирүү үчүн 101 сомдон кем эмес каалаган баланс болушу зарыл)

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MEGA компаниясынын «Роуминг» кызматынын жардамы менен Сиз чет өлкөдө ар дайым Өзүңүздүн мобилдик номериңиз менен колдоно аласыз

Алдын ала төлөө формасында тейленген MEGA абоненттери, роумингде мобилдик кызматтарды чыныгы убакыт режиминде тарифтөөгө шарт түзгөн «Роуминг» кызматынан пайдалана алышат. Интернет кызматы чет элдик 2G/3G/4G тармактарында internet жетки чекити аркылуу (APN: internet) сунушталынат. 

«Роуминг» кызматы, алдын ала төлөө формасында тейленүүчү бардык абоненттерде баштапкы абалда акысыз кошулган болот (анын ичинде алдын ала төлөө формасындагы жаңы SIM карталарда).

«Роуминг» кызматы боюнча абоненттерге төмөнкү мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү:

  • чыккан/кирген чалуулар
  • жогорку ылдамдыктагы 2G/3G/4G интернет
  • SMS жөнөтүү/алуу
  • чыныгы убакыт режиминде балансты толуктоо жана сарпталуучу каражатты көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү
  • кошумча кызматтар жана тарифтик опциялар, толук маалымат алуу

Кызматты активдештирүү үчүн 101 сомдон кем эмес каалаган баланс болушу зарыл.

Кызматтын автоматтык түрдө өчүү чеги 100 сом же андан кем болгон балансты түзөт. Балансты толуктоодо (өчүү ирегесинен көбүрөөк баланс) кызмат автоматтык түрдө кошулат.

Өз алдынча «Роуминг» кызматты башкаруу USSD-буйру аркылуу үй тармакта (MEGA түйүнүндө) жана чет өлкөгөдөгү роуминг тармакта да аткарса болот (эгер «Роумингде шартсыз каттоо» кызматы кошулуу болсо).

 «Роуминг» кызматынын тарифтери жана тизмеси боюнча маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот

eSIM роумингде 3G же 4G түйүнүндө гана катталууну талап кылынат, андыктан телефонуңуздун тескөөлөрүнөн 3G/ 4G түйүнүн бар экенин текшерип алыңыз.
eSIM 2G түйүнүндө иштебейт.

Кошуу

*155*1#

Өчүрүү

*155*0#

Кызматтын абалын текшерүү

*155*2#

Кызмат жөнүндө маалымат

*155#

Интернетти гана өчүрүү

*1566*0#

Интернетти кошуу

*1566*1#

Интернет кызматы жөнүндө маалымат

*1566#

«Роумингде шартсыз каттоо» кызматын өчүрүү (бул учурда роумингде каттоо толугу менен алынып салынат)

*154*0#

«Роумингде шартсыз каттоо» кызматын кошуу

*154*1#

«Роумингде шартсыз каттоо» кызматы жөнүндө маалымат

*154*2#

Балансты текшерүү

*102#

Балансты АТК аркулуу толуктоо

*1500*номерКАП#

Чалуулар боюнча эсептөөлөр реалдуу убакыт режиминде (on-line тарифтөө) жүргүзүлөт. Техникалык жана башка себептер боюнча Сиздин эсебиңиздеги эсептөөлөр Сиз аткарган жана кабыл алган акыркы чалуулардан тарта 1ден 65 календардык күнгө чейин жүргүзүлөт.

Айрым өлкөлөрдө роумингде жүргөн учурда, байланышуу аракети үчүн б.а. чалуу жөнөтүлгөн, телефондо чакырык башталган учурдан баштап каражат алынышы мүмкүн (абонент аткарган чалуу аракетинин жыйынтыгына карабастан). Чалуу аракети үчүн айрым чет өлкөлүк операторлор тарабынан MEGA компаниясынан төлөм алуусу ыктымал. Ошол себептен, айрым учурларда MEGA компаниясы өз кезегинде Сизден чалуу аракети үчүн каражат алышы мүмкүн.

Узактыгы 3 секунддан кем болгон кирген чалуулар тарифтелбейт.

Роумингде жүргөн учурда бардык үн чалуулар бир мүнөткө чейин көбөйүү жагына мүнөттүк тегеректөө менен тарифтелет, интернет сессиялардын тегеректөөсү болсо 10 килобайт түзөт (1 мегабайтта 1024 килобайт болот). Интернет кызматы роумингде internet жетки чекити аркылуу (APN: internet) иштейт

«Кийин төлөнүүчү роуминг» жана «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг» кызматтарын «Роуминг» кызматы менен бир эле убакытта кошуу мүмкүн эмес.

Кызматты USSD-буйруулар же SMS-билдирүүлөр жана Кардарларды колдоо кызматына чалуу же Тейлөө борбору аркылуу активдештирүүдө, Сизге «Роуминг» кызматынын бардык шарттары менен таанышып, аларга макул бергениңиз тууралуу маалымдоочу SMS-билдирүү келет. Оператор тарабынан кызмат кошулуп (жаңы сим-картаны сатып алууда, андагы кызматтын баштапкы абалда кошулгандыгы), кызмат өчүрбөстөн, пайдалангандык, Сиз кызматтын бардык шарттары менен таанышып, аларга макулдук бергенсиз деп эсептелет.

«Роумингде шартсыз каттоо» кызматынын алкагында MEGA-дан алдын ала төлөнүүчү тейлөө формасы менен абоненттери баланска шилтеме жасабастан роуминг түйүндөрүндө катталуу, кирген SMS-терди алуу жана роумингде кызматтарды активдештирүү үчүн USSD сурамдарды жөнөтө алышат, абоненттер балансты толтуруу үчүн суроо-талаптарды жөнөтүүгө да ээ. «Роуминг» кошулган абоненттер үчүн кызмат жарыяланбас түрдө кошулат. Кошулуу акысыз жана абоненттик төлөмсүз.

Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарында, Сиздин телефон чет өлкөлүк оператордун каптоо аймагына кирип, тармагында автоматтык түрдө катталышы мүмкүн. Автоматтык түрдө катталууну жана «Роуминг» кызматы боюнча тарифтөөнү алдын алуу үчүн, Кыргызстанга кайткан учурда, кызматты USSD-буйрууларды терүү аркылуу убактылуу өчүрүп, телефонду өчүрүп кайра жандырууну сунуштайбыз.

Сиздин уюлдук телефонуңуз роуминг кызматынын иштебей калышынын себеби (мисалы, эски, кайра программаланган же тастыкталбаган уюлдук аппараттар) болушу ыктымал. SIM-картаны башка аппаратка салып көрүүнү сунуштап кетмекчибиз.

Роумингдеги кирген жана чыккан SMS-билдирүүлөрдүн номурлары конок тармагы менен башка номурларга алмаштырылышы мүмкүн. Бардык жөнөтүлгөн SMS-билдирүүлөр терилген номурларга так жеткирилет. Кирген чалууларды кабыл алууда чалып жаткан абоненттин номуру өзгөрүлүп же телефондун дисплейинде жана чалуулардын деталдоосунда такыр эле жок болушу мүмкүн.

Роумингде жүрүп бир чет өлкөдөн башка чет өлкөгө барган учурда, конок тармагында катталуу үчүн телефонду өчүрүп кайра жандыруу зарыл.

Роумингке жөнөп жаткан учурда, телефондогу «Тармактын тескөөлөрүн» өзгөртүү сунушталат: Тармактын түрү-> «LTE, UMTS» тизмесинен «GSM же UMTS» тандоо зарыл.

«Роуминг» кызматынын сапаты уюлдук байланыш радио толкундарынын таратууда табигый ландшафттык жана техникалык шарттарга жараша же имараттардын жанында, туннелдерден, подвалдарда жана башка жер астындагы имараттарда жергиликтүү рельефтик жана курулуш өзгөчөлүктөрүнө, метеорологиялык шарттарга жана башка себептерге байланыштуу начарлашы же үзүлүшү мүмкүн.

«Роуминг» кызматын кошууда тарифтик опциялар, топтомдор жана арзандатуулар MEGA үй тармагындагы роуминг-өнөктөштүн тармагында болгон учурда жеткиликтүү болбойт, бирок абоненттик төлөм эсептеле берет. Абонент MEGA үй тармагында болгон учурда, аракеттеги тарифтик опциялардагы, топтомдордогу жана кызматтардагы арзандатууларга чектөө коюлбайт.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.

Түркиянын № 7186-24 мыйзамына ылайык, Интернетти колдонуу гана мүмкүнчүлүгү менен роумингден ( SMS жана үн байланышы жок) 90 күндөн ашык колдонгон абонент  https://www.turkiye.gov.tr/btk-uluslararasi-daimi-veri-dolasimi шилтемеси аркылуу каттоодон өтүүсү керек, болбосо Сиздин түзмөгүңүз Түркиянын мобилдик түйүндөрүндө (роумингде) иштебейт. Түркиянын  жарандары гана түзмөктү каттоодон өткөрө алат.

Толук маалымат үчүн *500 же 0555 500000 (MEGA үй тармагында чалуу акысыз, роумингде чалууга акы алынат – КРге чалуу тарифи катары) номурлары боюнча Кардарларды колдоо кызматына кайрылууга мүмкүн.

Толук маалыматты *500 (MEGA үй тармагында гана чалууга болот) жана +996 555 395 000 (роумингде чалууга акы алынат – жүргөн  өлкөнүн тарифтик планына ылайык КРге чалуу тарифи катары) номерлери боюнча Кардарларды колдоо кызматынын операторлорунан, ошондой эле +996 999 500 000 WhatsApp номери жана roaminghelp@megacom.kg электрондук почтасы аркылуу алууга болот.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы