Перейти на новый сайт

«Досумдун эсебинен чалуу»

«Досумдун эсебинен чалуу» кызматы аркылуу MegaCom абоненти балансы нөл болгон учурда да чакырылып жаткан абоненттин эсебинен чалууларды аткара алат

Чакырып жаткан абонент үчүн

0.0 сом/мүн.

Чакырылып жаткан абонент үчүн

1.0 сом/мүн.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Сиз чалуу аткарып  жаткан абоненттин  эсебинен баарлашыңыз.

Кызматтын иштөө механизми:

  • MegaCom абоненти, башка абоненттин номурун *212055Ахххххх форматында терүү аркылуу, чалууну кабыл алуучу абоненттин эсебинен MegaCom түйүнүнүн ичинде чалуу аткара алат. Бул жерде 055Ахххххх – анын эсебинен чалуу аткаруу пландаштырылып жаткан абоненттин номуру.
    Абоненттер баланста болгон чектөөлөргө карабастан:

     - Алдын ала төлөнүүчү тейлөө формасындагы абоненттер балансы нөл жана терс болгондо;
     - Алдын ала төлөнүүчү тейлөө формасындагы абоненттерде тыным, убактылуу жабык жана күтүү режими аракетте болгондо;
     - Кредиттик корпоративдик абоненттер кредиттик чегинен ашып, берилген лимити түгөнгөндө да чалууларды аткара алышат.

  • Чакырылып жаткан тарап стандарттык форматтагы чалууну кабыл алат; чалууну кабыл алууда кирген чалууну төлөп коюуну суранган аудобилдирүү ойнотулат. Баарлашууну төлөп берүүгө макулдук билдирүү үчүн : чалууну кабыл алуу- 1 ди басыңыз, баш тартуу үчүн – чалууну токтотуп салуу.

Өз эсебинен чалууну кабыл алууну тастыктаган учурда, байланыш түзүлөт.

Чакырып жаткан абонент чалуу наркы

0.0
сом.

Чакырууну кабыл алган абоненттин эсебинен алынат

1.0
сом/мүн.

MegaComдун башка абонентинин эсебинен чалуу аткаруу

*212055Ахххххх бул жерде 055Ахххххх – анын эсебинен чалуу аткаруу пландаштырылып жаткан абоненттин номуру

Кызмат боюнча чалууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн өчүрүү

*2120*0#

Кызмат боюнча чалууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн жаңыртуу

*2120*1#

Статусту текшерүү: кызмат боюнча чалууларды кабыл алуу мүмкүнчулугү жеткиликтүүбү

*2120#

«Тыюу салынган номурлар» тизмесине киргизүү

*212*11*055Axxxxx#

«Тыюу салынган номурлар» тизмесинен чыгаруу

*212*00*055Axxxxx#

«Тыюу салынган номурлар» тизмесиндеги номурларды текшерүү

*212*11#

Кызматта акча каражаттары байланышуу учурунда гана алынат.

Чакырып жаткан абонентти чалуусу акысыз болот.

Чакырууну кабыл алган абоненттин эсебинен, номурда кошулган жеңилдиктерге, бонустарга, тарифтик опцияларга карабастан, баарлашуу мүнөтү үчүн 1 сомдон алынат.

Абонент балансы 0,13 сомдон жогору болгон учурда гана өз эсебинен чалууну кабыл ала алат.

Чалуу секунд менен тарифтелет жана байланышуу убактысынан тарта эсептеле баштайт (аудио билдирүүлөрдү угуу үчүн чалуунун катышуучуларынын эсебинен тарифтелбейт).

«Лимиттөө» кызматы боюнча жеке эсеби бар болгон абоненттерде, «Бардыгы жеке эсептен» профили тандалган учурда гана акча каражаттары жеке эсептен алынат. Башка учурларда кызмат боюнча эсептөөлөр лимиттен, андан соң жеке эсептен алынат.

Кызмат бардык тейлөө формасындагы MegaCom абоненттерине жеткиликтүү.

«Тыюу салынган номурлар» тизмесине 10 номурду гана кошууга болот.

Кызмат роумингде көрсөтүлбөйт.

Кызмат боюнча чалуу сурамы Кыргызстандын аймагында гана жеткиликтүү.

Кызмат боюнча бардык билдирүүлөр абонент тандаган тилге ылайык болот. Абонент номурду алмаштырган учурда тил тескөөлөрү бузулуп, кызмат тили тейлөө тилинен айырмаланышы мүмкүн. Бул учурда «4 тил» кызматынын шарттарына ылайык тилди дагы бир жолу тандоо зарыл болот (*404#). Тил профилин алмаштыруу абонент тилди алмаштырган убакыттан тарта 15 мүнөттөн кийин күчүнө кирет.

Эгерде абонентте «Номурду аныктабоо+» кызматы кошулган болсо, «Досумдун эсебинен чалуу» кызматынан «Номурду аныктабоо+» кызматын өчүргөндөн кийин гана пайдаланууга болот. Мындан тышкары, телефондун тескөөлөрүнөн «Өз номурду көрсөтүү» бөлүгүн тандап коюу жетиштүү.

Чакырылган абонентте дарегин жаңыртуу кызматы кошулган учурда кызмат иштебейт.

Абонент номурду алмаштырган учурда «Тыюу салынган номурлар» тизмеси автоматтык түрдө өчүрүлөт.


Сунушталган кызматтар

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы