Перейти на новый сайт


Онлайн-кинотеатр START

БИРИНЧИ БОЛУП КӨРҮҢҮЗ: START онлайн-кинотеатрына жазылуу – бул мыкты россиялык тасмалар, сериалдар жана балдар үчүн телекөрсөтүулөр!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

START онлайн-кинотеатры – бул «Содержанки», «Шторм» жана «Бывшие» сыяктуу START оригиналдуу сериалдарынын эксклюзивдүү премьералары, сүйүктүү орус сериалдары жана тасмалары («Последний богатырь», «Кухня», «Гранд»), балдарга арналган билим берүүчү мүнөздөгү жеке телеберүүлөр жана башка көптөгөн кызыктуу телекөрсөтүүлөр. Мыкты комедиялык сериалдарды  телеканалдарда көрсөтүлгөнгө чейин алгачкылардан болуп көрүү!

  • START менен бардык тасмаларды жана сериалдарды жарнамасыз жана кошумча, жашыруун төлөмдөрсүз көрүңүз.
  • Full HD 1080 сапаттагы видео. Мыкты сапатта көрү. STARTоветтик кинотасмалар да жогорку сапатта.
  • Кызмат кошулган учурдан тартып алгачкы 7 күн акысыз көрсөтүлөт.
  • Ресурста видеоконтентти көрүүдө интернет-трафик тарифтелбейт.

START онлайн- кинотеатрын көрүүнү кааласаңыз, http://onelink.to/mgctv тиркемеси боюнча өтүңүз да,  MegaTV тиркемесин жүктөп алыңыз

Же төмөндөгү QR-кодду сканерлеңиз:

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм күнүнө

7.0
сом.

Кошуу

*720*1#

Өчүрүү

*720*0#

Статусун текшерүү

720#

1.    Баалар кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен, сатуу салыгын эсепке албастан көрсөтүлгөн.

2.     START онлайн -кинотеатрына алгачкы жолу жазылууда абонентке 168 сааттык сыноо мөөнөтү кошулат. Сыноо мезгилинин ичинде колдонуучу кызматты акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Сыноо мезгили аяктагандан кийин күн сайын алынуучу  абоненттик төлөм эсептеле баштайт, б.а. кызматтын стандарттык шарттары күчүнө кирет. Эгерде колдонуучу кызматка жазылууну сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин токтотсо жана кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин жазылууну узартууну кааласа, кайра кошулууда акысыз мөөнөт берилбейт.

3.    START кызматы  Salam брендинин тарифтик пландарынан, жана да түзмөктөр үчүн тарифтик пландардан тышкары («МегаБит», «Чектөөсүз 4G»,  «Үй интернети», «Ыкчам интернет», «Акылдуу түзмөк», «Wi-Fi Роутер» ТП, «SIP» ТП) бардык коммерциялык тарифтик пландарда жеткиликтүү.

4.    START кызматы «Тыным» кызматы менен бир учурда колдонулбайт.

5.    Кызмат Кыргызстандын аймагынан тышкары көрсөтүлбөйт. Абоненттик төлөм алына берет, бирок контентке жетки чектелет. Ушуга байланыштуу чет өлкөгө чыккан учурда керексиз чыгымдарды болтурбоо үчүн кызматты өчүрүү сунушталат.

6.    Жазылуу активдүү болгон шартта ресурска интернет-трафик тарифтелбейт.

7.    МААНИЛҮҮ: эгерде абонент тарабынан тарифтик план боюнча негизги топтом үчүн абоненттик төлөм төлөнбөсө, колдонуучуга START кызматы көрсөтүлбөйт.

Кызмат «Стрим Плюс» ЖЧК  контент-провайдери  тарабынан көрсөтүлөт.


Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon