Перейти на новый сайт


Мегажөнөтмө

Кадимки номурдун ордуна сенин жазма номуруң – Мегажөнөтмөнүн өзгөчө мүмкүнчүлүгү!

1 SMS-билдирүүнүн баасы

1.5 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Мегажөнөтмө» - бул  сиздин азыркы учурдагы жана потенциалдуу кардарларыңыз  менен байланышууңуз үчүн, SMS жарнама, кабарлоо жана башка тексттик билдирүүлөрдү массалык жөнөтүү жолу менен ишке ашырылуучу ыкчам, ишенимдүү жана коопсуз ыкма.

«Мегажөнөтмө» кызматы байланыш кызматтарын көрсөтүү Келишимине кошумча макулдашуу   түзгөн бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү. Кошумча макулдашууну тузүүнү каалаган абоненттер MegaCom компаниясынын Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлоруна кайрыла алышат. «Мегажөнөтмө» кызматынан пайдалануу үчүн SMS-жөнөтмө алуучулардын номурлары көрсөтүлгөн өтүнмөнү толтуруп жана төлөм жүргүзүү керек.

Кошумча макулдашууну жана Мегажөнөтмөнү алуучулардын тизмесинин электрондук формасы менен өтүнмөнү бул жерден жүктөп алууга болот.

1 SMS-билдирүүнүн баасы

1.5
сом.

Кызмат көрсөтүү жана  SMS-билдирүүлөрдү тизмедеги абоненттерге таратуу  MegaCom түйүнүнүн абоненттери  үчүн гана жеткиликтүү.

SMS-билдирүүнү жөнөтүүчүнүн номуру   сан   түрүндө жана текст түрүндө (Мегажөнөтмөнү ишке ашыруу үчүн өтүнмөнүн «жөнөтүүчүнүн тексттик номуру» графасында) болушуна жол берилет. Жөнөтүүчүнүн тексттик номуру сандарды жана боштуктарды кошо эсептегенде латиницада  11 ге чейинки символду өз ичине камтый алат.

Бир  SMS-билдирүү латиницада 140 символ менен,  кириллицада   70 символ менен чектелет.

Мегажөнөтмөнү демилгелеген абонент жөнөтмөнү алуучулардын номурларынын тизмесине абоненттен ушул сыяктуу SMS-билдирүүлөрдү алууга макулдугун берген MegaCom абоненттеринин номурлары гана киргизилгендигине кепилдик берет.

Мегажөнөтмөнүн  тексти социалдык, моралдык, этикалык жана  жалпы гумандуулук принциптерине шайкеш келүүсү керек; төмөндөгүдөй  мазмундагы SMS-билдирүүлөргө жол берилбейт: адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтире турган; конституциялык түзүлүштү зордоп өзгөртүүгө, зордук –зомбулукка, согушка, порнографияга, расалык/диний/улуттук касташууга чакырган жана үгүттөгөн;байланыш операторлору тууралуу жарнаманы жана MegaCom тууралуу каалаган маалыматты камтыган.

Мазмунунда жарнама камтылган  SMS-билдирүүнү жөнөтүү менен абонент мындай жарнаманын Кыргыз Республикасынын жарнама багытындагы мыйзамдарына ылайыктыгын камсыздайт. Эгерде SMS-билдирүүнүн мазмуну  интеллектуалдык менчик объектилерине  байланыштуу болсо, интеллектуалдык менчик объектилерине  байланыштуу кимдир-бирөөнүн укуктарынын бузулбагандыгын абонент кепилдейт жана  алар тууралуу маалымат жайылтууга укуктуу.


Сунушталган кызматтар

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon
  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы