MegaKassa
- Сүрөттөлүшү
- Наркы жана тарифтөөсү
- Эрежелер жана чектөөлөр
Альфа-Телеком» ЖАК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келген программалык ККМ (MegaKassa) кызматын сунуштайт.
«Альфа-Телеком» ЖАК (соода маркасы MegaCom) фискалдык маалыматтар оператору болуп саналат, ал КРдин Мамлекеттик салык кызматынын реестрине киргизилген жана Кыргызстанда биринчилерден болуп программалык ККМди ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашырды. MegaCom өлкө рыногунда MegaKassa программалык көзөмөл-касса машинасын − 2020 -жылдын 1 -июлунда күчүнө кирген Кыргыз Республикасындагы KKMдин жаңы стандарттарына жооп берген ыңгайлуу шайманды сунуштады.
2022 жылдын 31-декабрына чейин сервисти колдонуу наркы төмөндөтүлдү (техникалык тейлөө, абоненттик төлөм ж.б.) жана MegaKassa'нын артыкчылыктарына баа берүү мурдагыдан да жеткиликтүү болуп калды!
ПККМ деген эмне?
ПККМ − бул салык органдарына маалыматтарды онлайн режимде берүү мүмкүнчүлүгү бар көзөмөл- кассалык машинасы. Программалык касса аппараты товарларды жана кызматтарды сатуу жана сатып алуу учурунда накталай эсептешүү жүргүзүүдө колдонулат жана фискалдык касса дүмүрчөгү түрүндөгү тастыктоочу документти берет.
MegaKassa онлайн-ККМдин түрлөрү
Колдонуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн, биз онлайн-ККМдин эки түрүн: мобилдик жана персоналдык компьютер үчүн версияларын сунуштайбыз,.
- MegaKassa мобилдик версиясы – бул Сиздин мобилдик телефонуңуздагы касса аппараты. Бул версия Android операциялык чөйрөсү үчүн түзүлгөн жана көзөмөл-кассалык машиналарынын толук функционалын өз ичине камтыйт, алар: касса сменасын өчүрүү менен Z-отчетторду чыгаруу, касса сменасын өчүрбөстөн X-отчетторду чыгарып алуу, товарларды жана кызматтарды сатуу жана сатып алуу, жана да товарларды кайра кайтаруу жана башка функциялар. Фискалдык касса чектерин кардардын электрондук почтасына же анын WhatsАpp номерине жөнөтүүгө болот, ал эми кагаз түрүндө басып чыгарып алуу үчүн чек принтери колдонулат, мисалы: Rongto RPP210, Rongto RPP210A, Milestone MHT-P5801 жана башкалар.
- «MegaKassa-драйвер» декстоп версиясы компьютерлердеги, ноутбуктардагы жана ультрабуктардагы Windows операциялык чөйрөсү үчүн түзүлгөн жана R-keeper, Frontol сыяктуу каалаган эсеп-кысап бухгалтердик системасы менен иштөөгө ылайыкталган.
«1С: Ишкана 8. Кыргызстан үчүн чекене» колдонуучулары үчүн «MegaKassa - драйвер» версиясын кошуу типтүү конфигурацияда жеткиликтүү. Эгерде Сиз бизнесиңиздин өзгөчөлүктөрүнө жараша кошумчаланып иштелип чыккан «1C бухгалтерияны» колдонсоңуз, анда «MegaKassa − драйвер» версиясын эсепке алуучу бухгалтердиксистеманы тейлеген айти-адис кошо алат, бул үчүн биз түзAPI интеграциялоо үчүн параметлердин сүрөттөлүшүн берүүгө даярбыз. Чекти кагаз түрүндө басып чыгарып алуу үчүн чек принтери колдонулат, мисалы: Штрих, CITIZEN CTS310II, EPSON T88IV, BRICHBPT3B, Xprinter XP80C, Xprinter Q160, Xprinter Q200 жана башкалар.
- MegaKassaнын эки версиясы тең 24 саатка чейин интернетсиз иштөө уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, бул соода түйүндөрүнө байланыш үзгүлтүккө учураса, алардын ишин токтотпоого жана көзөмөлдөөчү органдардын дооматтарын болтурбоого мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, товарлардын маалымдамасын жана сатылган бардык товарлар менен кызматтардын тизмесин көрсөтүү менен фискалдык касса чектерин түзүү функционалы бар, МегаКассанын колдонуучусу чекене сатуунун суммасын чагылдыруу менен, товарларды жана кызматтарды көрсөтпөстөн фискалдык касса чектерин бере алат.
MegaKassaꞌны колдонуунун артыкчылыктары
- жеткиликтүүлүк: кымбат баадагы аппараттык ККМ сатып алуунун зарылчылыгы жок;
- убакытты үнөмдөө: MegaKassaꞌны каттоодон өткөрүү жана ишке киргизүү MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда ишке ашырылат, демек, КРдин Мамлекеттик салык кызматына баруу зарыл эмес;
- ыңгайлуулук: бардык маалыматтар MegaKassa касса машинасында сакталгандыктан, күн сайын касса китепчесин жүргүзүү тууралуу кам санабай деле койсоңуз болот;
- көзөмөлдөө: бардык кассалык операцияларды сервистин жеке кабинетинде көзөмөлдөп трууга болот;
- тобокелчиликтердин минималдуугу: интернет-байланышы 24 саатка чейин жок болгон учурда да соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгү.
MegaKassa: кантип колдоно баштоого болот?
MegaKassaꞌны колдоно баштоо үчүн, MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунун бирине келип, келишим түзүү жетиштүү. Жанында төмөнкү документтердин болушу зарыл:
Юридикалык жак үчүн:
- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;
- аткаруучу органдын бүтүм түзүү укуктарын тастыктаган устав же башка документ;
- аткаруучу органды дайындоо/шайлоо жөнүндө чечим/буйрук же башка документ (башкы директор, директор, төрага жана башкалар устав, жобо менен аныкталат);
- паспорттун көчүрмөсү (башкы директордун, директордун, төраганын жана башкалардын);
- уюмдун мөөрү;
- банк реквизиттери.
Эгерде келишимге / арызга уюмдун жетекчиси кол койбосо, юридикалык жактын мөөрү басылып, белгиленген тартипте таризделген ишеним катты, өкүлдүн паспортунун көчүрмөсүн берүү зарыл.
Жеке ишкер үчүн:
- жеке ишкердин каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк жана/же ыктыярдуу патент.
- паспорттун көчүрмөсү;
- банк реквизиттери (эгерде жеке ишкерге банкта эсептешүү эсеби ачылган болсо);
- мөөр (эгерде бар болсо);
- салык төлөөчүнүн катталуу картасы (эгерде бар болсо ).
Эгерде ишкер өкүл аркылуу аракеттенсе, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын көчүрмөсү (келишимдерди түзүү укугун көрсөтүү менен) жана өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү берилиши керек.
Натыйжалуу иштөөсү үчүн Android смартфондорунун Android 5 жана андан жогорку версияларын колдонуу талапка ылайык.
MegaKassa программалык камсыздоосунун өзү акысыз, колдонуу наркы тууралуу маалымат «Наркы» бөлүмүндө жайгаштырылган.
MegaKassa мене иштоонун жолдору
Кызматтар учун толом жургузууго банк эсеби
ККМ-онлайн – кассовый аппарат нового поколения
Налог с продаж 0% или кому ККМ-онлайн упростит ведение бизнеса?
Что должен знать предприниматель при работе с KKM-онлайн MegaKassa
Почему MegaKassa оптимальный выбор среди ККМ-онлайн?
Видео инструкция: Как оформить товар и пробить чек в MegaKassa?
-
Наркы жана тарифтөөсү
MegaKassa программалык камсыздоосунун өзү акысыз, колдонуу наркына арзандатуулар киргизилет.
Программалык камсыздоону колдонуу наркына (техникалык тейлөө, абоненттик төлөм ж.б.) 2022-жылдын 31-декабрына чейин төмөндөгүдөй арзандатуулар киргизилет:
*Колдонуучуну кошуу акысыз жүргүзүлөт
. -
NeoFiscal ПККМ (мобилдик телефондор үчүн версиясы)
Стандарт (ПККМ саны: 5ке чейин)
350.0сом/айына.Бизнес (ПККМ саны: 6 дан 10 го чейин)
300.0сом/айына.Премиум (ПККМ саны: 11 жана андан көп)
200.0сом/айына. -
NeoFiscalDriver ПККМ (бухгалтердик системалар менен интеграциялоо үчүн версия)
Стандарт (ПККМ саны: 10го чейин)
700.0сом/айына.Бизнес (ПККМ саны: 11 ден 20га чейин)
600.0сом/айына.Премиум (ПККМ саны: 21 жана андан көп)
500.0сом/айына.
ЗАО «Альфа Телеком» (телефон колл-центра 0999 76 66 67, office@megacom.kg) является оператором фискальных данных (согласно записи №4 в Реестре операторов фискальных данных).
“Альфа Телеком” ЖАК (соода белгиси MegaCom) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган №193 “Көзөмөл-кассалык машиналарды жайылтуу чаралары жөнүндөгү” токтомунун талаптарын аткаруу, ошондой эле «MegaKassa» программалык ККМди техникалык жаңы талаптарга шайкеш келтирүүгө жеткирүү максатында 2022-жылдын 1-майынан баштап MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлорунда, аймактык бөлүмдөрүндө салык төлөөчүлөрдүн келишим түзүүсү убактылуу токтотулганын маалымдайт.
«MegaKassa» программалык ККМге 2022-жылдын 1-майына чейин кошулгандар штаттык режимде тейленет. Мамлекеттик салык кызматынын жаңы талаптарына ылайыкталган ККМди каттоонун иши кайрадан жанданганда бул тууралуу маалымдалат.