Перейти на новый сайт

«Номурду кайрадан каттоо»

Өз номуруңузду башка жеке жакка кайрадан каттоо

Бир абоненттик номурду башка абонентке кайрадан каттоо

акысыз.
  • Сүрөттөлүшү

Номурду кайрадан каттоо – бул өз номурду башка абоненттин атына кайрадан каттоо мүмкүнчүлүгү. Номурду айдын 1нен 10на чейинки убакыттан тышкары, кайрадан каттоо бекер болот. Корпоративдик тейлөө формасындагы номурду жеке формасына каттоо акысыз жүргүзүлөт.

Номурду кайра каттоо шарттары:

  • MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборуна же Фирмалык салонуна кайрылуу маалында эки тараптын – номурду өткөрүп берүүчү жана номур катала турган тараптардын жеке катышуусу зарыл.
  • Эки тараптын инсандыгын ырастаган документтин (паспорт (ID), айдоочунун күбөлүгү, бааргер күбөлүгү, аскер билети, кайрылмандын күбөлүгү) жанында болушу;
  • Кайра каттоодон өткөрүлө турган номурда карыздын жок болушу;
  • Корпоративдик номурду жеке тейлөө формасына кайра каттоо үчүн юридикалык жак – өткөрүп берүүчү тараптын кол коюлган жана мөөрү менен бекитилген арызы талап кылынат. Бул учурда өткөрүп берүүчү тараптын катышуусу талап кылынбайт.

Өткөрүп берүүчү тарап Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жана номурду кайра каттоодо катыша албаган учурлардан тышкары. Бул учурда өткөрүп берүүчү тарап ыйгарым укуктарын ишеним кат аркылуу 3чү жакка тапшырып берүүсү зарыл*. Ишеним катта ишенимдүү өкүлгө берилген укуктар (бул учурда номурду кайра каттоодон өткөрүү) жана анын паспорттук маалыматы көрсөтүлгөн болушу керек. Ишеним кат жаш курагы 16га чыккан жактарга берилет.

Номурду кайра каттоо же калыбына келтирүү үчүн милдеттүү түрдө нотариуста тийиштүү түрдө ырасталган ишеним каттын болушу же компания менен тейлөө келишим түзгөн абоненттин катышуусу зарыл.

*Бир эле жак бир убакытта кабыл алуучу жана өткөрүп берүүчү тарап боло албайт.


Сунушталган кызматтар

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы