Перейти на новый сайт

MegaTV

«MegaTV» − 180+ чейинки телеканалдарды жана онлайн кинотеатрлардын эксклюзивдүү контентин камтыган видеосервис. Каалаган түзмөктө (смартфон, планшет, Smart TV), Интернет бар жерде, каалаган убакта өзүңүзгө жаккан телеберүүнү көрсөңүз болот.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

MegaTV деген эмне жана ал башка сервистерден эмнеси менен айырмаланат?

«MegaTV» − кеңири жайылган телеканалдар жана жана онлайн-кинотеатрларды өз ичине камтыган сервис.

MegaTV тиркемесин смарт-сыналгыга, смартфонго, планшетке орнотуп алууга же https://megatv.kg/ веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот.

Бир жазылууну бир убакта 5 түзмөктө колдонууга болот (кошумча төлөмсүз).

Интерактивдүү сервис 180+ чейинки телеканалды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет жана аларды жаздырып алууга жана 7 күнгө чейин көрүүгө болот; эфирлерди тынымга койгонго, Сизди кызыктырган берүүлөрдүн башталышы тууралуу эскертүүлөрдү коюп алууга жана алып турууга, жана да тасмаларды аталышы жана тематикасы боюнча издөөгө да мүмкүнчүлүк бар.

Сервис интерфейси 4 тилде жеткиликтүү: кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде.

MegaTV тиркемесин орнотуп алыңыз, аны  App Storeꞌдон же Google Playꞌ ден жүктөп алууга болот: http://onelink.to/mgctv

Же QR-коддорду сканерлеп:

Кошуу

0.0
сом.

Basic топтому боюнча абоненттик төлөм

5.0
сом / күн.

Premium топтому боюнча абоненттик төлөм

9.0
сом / күн.

Mega TV ресурсу үчүн 1МБ интернет-трафиктин наркы

0.0
сом.

MegaTV «Basic» топтомун кошуу

*717*1#

MegaTV «Premium» топтомун кошуу

*717*2#

MegaTV «Basic» топтомун өчүрүү

*717*0*1#

MegaTV «Premium» топтому өчүрүү

*717*0*2#

Статусту текшерүү

*717#

Наркы канча турат жана кантип кошуп алууга болот?

Алгач тиркемени AppStore'дон  (iPhone жана iPad үчүн), Google Play Market'тен (Android үчүн) жүктөп алуу зарыл же  https://megatv.kg/ веб-порталына кирип, андан кийин авторизациялоодон өтүү керек: Логинди ( активдүү жазылуусу менен +996XXXYYY форматындагы MEGA телефон номерин же сиз кызматты кошууну каалаган номерин) жана Паролду (кызматты кошуу тууралуу сурамыңыздан кийин SMS - билдирүүдө алынган бир жолку код).

MegaTV кызматын кошуу үчүн телеканалдардын тандалган топтомуна жараша  USSD-буйрууну терүү керек:

  • “BASIC” топтому – *717*1#.  100 ашык телеканалга жетки алуу. Күн сайын алынуучу  абоненттик төлөмдүн наркы – 5 сом.
  • "PREMIUM" топтому – *717*2#. 180+ чейинки телеканалга жетки алуу. Күн сайын алынуучу  абоненттик төлөмдүн наркы – 9 сом.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

MegaTV кызматында интернет-трафик тарифтештирилбейт.

«LIGHT» топтому өз алдынча кошуп алуу үчүн жеткиликтүү эмес жана   «СуперЫңгайлуу 7», «Элдики 120 + MegaTV», «Элдики 145 + MegaTV» «Элдики 160 + MegaTV» «Элдики 195 + MegaTV», «Элдики 395 + MegaTV» тарифтик топтомдорунун алкагында кошулат.

Башка кызматтар/тарифтер менен бир учурда колдонууга болобу?

MegaTV  сервиси Salam брендинин, «МегаБит» ТП, «Чектөөсүз 4G» тарифтик пландар түркүмү,  «Үй интернети», «Ылдам интернет», «Акылдуу тузмөк» жана  SIP тарифтик пландарынан тышкары калган бардык  коммерциялык тарифтик пландарда жеткиликтүү.

MegaTV кызматынын телеканалдар топтомдорун бир учурда колдонууга болбойт, ошол элке учурда телеканалдар топтомдору START, more.tv жана MEGOGO онлайн-кинотеатрлары  топтомдору менен дал келет.

MegaTV кызматынын Basic жана Premium топтомдорунун  кызмат баштапкы абалында кошулган  тарифтик пландардын топтомдору менен шайкештиги:

  • «Элдики 120+MegaTV», «Элдики 145 + MegaTV», «Элдики 160 + MegaTV», «Элдики 195 + MegaTV» «Элдики 395+MegaTV» топтомдорунда MegaTV «Basic» жана «Premium» топтомдору өзүнчө жазылуу боюнча жеткиликтүү;
  •  «Элдики 490+MegaTV», «Элдики 690+MegaTV» топтомдорунда MegaTV «Basic» топтомун кошуу жеткиликтүү эмес. MegaTV «Premium» топтомун гана кошууга болот.
  • «Элдики 220+MegaTV», «Элдики 245+MegaTV», «Элдики 595+MegaTV», «Элдики 750+MegaTV» «Элдики 850+MegaTV» топтомдорунда  MegaTV «Basic», «Premium» топтомдорун кошуу жеткиликтүү эмес.

«MegaTV» сервисинин кызматтарында  «Тыным» кызматы жеткиликтүү болбойт.

Сервис роумингде жеткиликтүүбу?

Кызмат Кыргызстандын аймагынан тышкары  көрсөтүлбөйт. Абоненттик төлөм  алынат, бирок контентке кирүү чектелет. Ошондуктан чет өлкөгө чыгууда керексиз чыгымдарды болтурбоо үчүн кызматты өчүрүү сунушталат.

«MegaTV» кызматынын алкагындагы телеканалдар  жана контент «Стрим плюс» ЖЧКнын колдоосунда көрсөтүлөт.


Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы