eSIM

Физикалык слотту талап кылбаган жана интеграцияланган SIM-карта
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

eSIM - бул 6X5 мм өлчөмүндөгү, физикалык слотту талап кылбаган жана интеграцияланган SIM-карта.

Ыңгайлуу
SIM-карта үчүн бир гана слоту бар түзмөктөрдө да экинчи номер менен колдонууга болот.

Эркиндик
Номерлердин профилдерин толук кандуу башкаруу, SIM-карталарды алмаштыруунун зарылдыгы жок.

Коопсуз
SIM-картаны жоготуп алуу же бузуп алуу тобокелдиги жок.

Оңой
Болгону QR-кодду алыңыз жана сканерлеңиз.


eSIM-картаны кайсы түзмөктөр колдойт?

  • iPhone XS, XS MAX, XR, 11, 11 Pro, 11 Pro Max;
  • Google Pixel 4, 4XL, 3XL смартфондору;
  • eSIM технологиясын колдогон башка түзмөктөрдүн үлгүлөрү.

 

Кантип жана кайдан алууга болот?
MegaCom компаниясынын каалаган Сатуу жана тейлөө борборуна келиңиз жана түзмөктүн тескөөлөрүндө eSIM-картаны активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодду алып, сиздин түзмөгүңүздө сканерлөө керек.

 

eSIM-картаны кантип кошууга болот?

  • түзмөгүңүз eSIM-картаны колдой тургандыгын текшерип алыңыз;
  • MegaCom Сатуу жана тейлөө борборуна келиңиз да, келишим түзүп уникалдуу QR-кодду алыңыз;
  • eSIM-картанын активдештирүү наркын төлөп, топтому менен тарифтик планды тандаңыз;
  • интернет-түйүнгө кошулгандыгын текшериңиз ( Wi-FI же берилиштерди өткөрүү аркылуу);
  • телефондун тескөөлөрүнөн төмөндөгүлөрдү тандаңыз: Тескөөлөр — Уюлдук байланыш — Уюлдук тарифти кошуу;
  • QR-кодду сканерлөө.

 

SIM-карталарды акысыз жеткирип берүү

Учурда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын эске алуу менен, MegaCom компаниясы өз абоненттерине "SIM-карталарды акысыз жеткирип берүү" жаңы кызматын колдонуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

SIM-карта жеткирип берүү кызматы бардык каалоочуларга көрсөтүлөт.
Бишкек жана Ош шаарларынын жашоочулары үчүн MegaCom компаниясынын расмий сайтында жайгаштырылган атайын форманы толтуруу жетиштүү https://www.megacom.kg/super/kg.html?v=2.0#section-form-delivery.

Өлкөбүздүн башка аймактарынын жашоочулары 0558 775555 номери (MegaCom номерлеринен чалуу акысыз) аркылуу тапшырык кылса болот. Табыштамалар күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

Кошуу

100.0
сом.

QR-кодуңузду, PIN1, PIN2, PUK1, PUK 2 коддоруңузду үчүнчү жактарга берүүгө болбойт. Калыбына келтирүү үчүн QR-кодду сөзсүз сактап коюңуз. Бул технологияны колдобогон түзмөккө eSIMꞌди кошууга мүмкүн эмес.

eSIMꞌди коюуга (орнотууга) же «кошууга» болбойт, eSIM колдоосу түзмөгүңүздүн өзгөчөлүктөрүндө болушу керек.

eSIMꞌге алмаштырып жаткан учурда, кардардын түзмөгү интернетке (Wi-Fi же  мобилдик берилиштер) кошулган болуусу керек (алмаштыруу жүргүзүлүп номердин мобилдик берилиштеринен тышкары). SIM-картаны eSIMꞌге алмаштырып жаткан учурда байланыш иштебейт.  Түзмөктү өчүрүп-жандыруу зарыл.

Бир  QR-код бир эле түзмөктө аракетте болот.

eSIM 2G түйүнүндө иштебейт.


Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom смартфондору»

    кызматы

  • Мегажөнөтмө

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы