МегаБелек
- Сүрөттөлүшү
- Наркы жана тарифтөөсү
- Башкаруу буйруулары
- Эрежелер жана чектөөлөр
Белек катары 5 ГБ чейин интернетти үзгүлтүксүз алгыңыз келеби? MEGAдaн бекер "МегаБелек тарифтик" опциясын туташтырып, өз тарифиңиз үчүн абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, бонустук интернет-трафиктен ырахат алыңыз!
Кошуунун наркы |
0.0
сом.
|
Өчүрүүнүн наркы |
0.0
сом.
|
Абоненттик төлөмү жумасына |
0.0
сом.
|
Маалымат |
*7171#
|
Кызматты кошуу |
*7171*1#
|
Кызматты өчүрүү |
*7171*0#
|
Интернет-топтому боюнча калдыктарды текшерүү |
*505#
|
Төмөндөгү 7күндүк тарифтердин алкагында жума сайын + 2ГБ интернет бонус берилет:
- «Элдики 120+MegaTV», «Элдики 145+MegaTV», «Элдики 160+MegaTV», «Элдики 195+MegaTV»
- «Интернет 7 Аймактык» , «Интернет 7 Эконом», «Интернет 7 Max
- «Суперыңгайлуу 65 / 95 / Аймактык / Аймактык 80 New / 115 / 145/ 145 New»;
- «Суперыңгайлуу 7», «Суперыңгайлуу 7 PRO», «Суперыңгайлуу 7 Аймактык», «Суперыңгайлуу 7 + YouTube», «Суперыңгайлуу 7 Max»;
Төмөндөгү 28/30 күндүк тарифтердин алкагында тарифти кезектеги жаңылоодо кийинки мезгилге + 5ГБ интернет бонус берилет:
- «Элдики 395+MegaTV», «Элдики 490+MegaTV», «Элдики 690+MegaTV» и «Элдики 1195+MegaTV»;
- «Суперыңгайлуу Аймактык 280», «Суперыңгайлуу 345», «Суперыңгайлуу 395», «Суперыңгайлуу 595»;
- «Аймактык Интернет», «Интернет Эконом», «Интернет Стандарт».
«2 ГБ МегаБелек» төмөндөгү учурларда кошулат (жазылуу бар болгондо):
- Жаңылоо үчүн баланста жетиштүү каражат болгон шартта, тарифтин мөөнөтү аяктагандан кийин өз убагында жаңылоодо;
- Негизги топтомдун интернет-трафигинин 100%ы сарпталгандан кийин негизги топтомду автоматтык түрдө жаңылоодо;
- USSD-буйруу боюнча тарифти мөөнөтүнөн мурда жаңылоо учурунда.
«5 ГБ МегаБелек» төмөндөгү учурларда кошулат (жазылуу бар болгондо):
- Тарифтин мөөнөтү аяктагандан кийин өз убагында жаңылоодо. Бул үчүн баланста жаңылоо үчүн жетиштүү каражат болушу керек;
- USSD-буйруу боюнча тарифти мөөнөтүнөн мурда жаңылоо учурунда;
Интернеттин бонустук гигабайттары биринчи кезекте сарпталат, андан кийин негизги топтом боюнча интернет сарптала баштайт. Тарифти жаңылоодо МегаБелектин калдыктары кийинки мезгилге өткөрүлбөйт.
«МегаБелек» каралбаган Тарифке өтүүдө жазылуу жана опциянын өзү өчүрүлөт.