Перейти на новый сайт

Планер

Тайм-менеджмент – ийгиликке карай ишенимдүү жол!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Планер» сервиси маанилүү иш-чараларды же айрым тапшырмаларды өткөрүп жибербөө үчүн, өзүңүз  жана байланыштарыңыз үчүн эстеткичтерди тез жана оңой түзүп алууну сунуштайт. Эскертмелер сиз көрсөткөн убакта SMS аркылуу келет. Эми аткарган ишиңиздин натыйжалуулугу арта тургандыгы бышык.

*708*1# буйруусун терүү менен, сервисти активдештириңиз. Сервисти алгачкы жолу кошууда Сизге 3 күнгө акысыз сыноо мөөнөтү берилет, андан кийин абоненттик төлөм күнүнө болгону 3,13 сомду түзөт.  

Сервисти колдонуп, анын бардык мүмкүнчүлүктөрүнө баа бериңиз, planer.megacom.kg сайтына өтүңүз.

«Планер» сервиси «Дата Технолоджи»  ЖЧК  контент-провайдери  тарабынан көрсөтүлөт.

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм

3.13
сом.

Кошуу чеги

3.5
сом.

Статусту текшерүү

*708#

Жазылуу

*708*1#

Өчүрүү

*708*0#

Эстеткич алуучулардын номерлеринин тизмесин текшерүү («Ак тизме»)

*708*3#

MegaCom'дун башка абонентине эстеткичтерди жөнөтүүгө уруксат алууга сурам («Ак тизмеге» кошуу)

*708*0АААХХХХХХ#

Абоненттин номерин жеке «Ак тизмеден» чыгаруу

*708*0*0АААХХХХХХ#

Эстеткичтерди алууга тастыктама, бул жерде 0АААZZZZZZ – сизге сурам жөнөткөн абоненттин номери

*708*1*0АААZZZZZZ#

Эстеткичтерден баш тартуу (башка абоненттин «Ак тизмесинен» өзүнүн номерин чыгаруу)

*708*2*0АААZZZZZZ#

Өзүн «Ак тизмеге» кошууга сурамдарды жана эскерткичтерди алууга толук тыюу салуу

*708*00#

Сервис боюнча сурамдарды жана эстеткичтерди алууга тыюу салууну алып салуу

*708*11#
  1. Сервис «Wifi-роутер», «Акылдуу түзмөктөр» жана «MegaHome» тарифтик пландарынын колдонуучуларынан тышкары, башка бардык жеке жана корпоративдик абоненттерге жеткиликтүү.
  2. Сервисти алгачкы жолу кошууда 72 саатка  триал-мөөнөт (3 күн) берилет. Сервис триал-мөөнөт аяктаган күнгө чейин өчүрүлсө,  сервисти кайрадан кошууда иш-аракет улантылбайт.
  3. Абоненттик төлөм 30 күндүн ичинде төлөнбөгөн учурда, сервис автоматтык түрдө өчүрүлөт. Бул  учурда сиздин профилиңиз өчүрүлгөн учурдан тартып 30 күн бою сакталат.
  4. Сервис боюнча SMS-билдирүүлөр 708 кыска номеринен жөнөтүлөт.
  5. Веб-порталда  авторизациялоо үчүн  логин катары  телефон номери жана  SMS аркылуу алынган бир жолку жашырын сөз колдонулат.
  6. Интернет-трафикти тарифтөө жазылуунун бар же жок болгондугуна жараша аткарылат:
  7. Жазылуу жок болгон учурда, интернет-трафик кошулган  ТП, ТО же топтомдордун шарттарына ылайык тарифтелет;
  8. Жазылуу болгон учурда, интернет-трафик тарифтелбейт.
  9. Роумингде болгон учурда интернет-трафик роуминг-өнөктөштүн шарттарына ылайык тарифтелет.
  10. «Тыным» кызматын кошууда сервис автоматтык түрдө өчүрүлөт.
  11. Эстеткичтерди  жөнөтүүгө уруксат сурамы 24 саат  аракетте болот. Жөнөтүлгөн учурдан тартып 24 саат өткөндөн кийин, сурам күчүн жоготот жана демилгечи абонент жаңы сурамды  түзүүсү зарыл болот.
  12. Бир күндө өзүнө жана байланыштарына 20дан ашпаган SMS жөнөтүүнү жөндөөгө болот.
  13.  Эстеткичтерди жөнөтүүгө уруксат алууга сурам, USSD-буйруудан тышкары, А абонентинин Б абонентине  веб-интерфейс аркылуу SMS-эскертме жөнөтүү үчүн биринчи аракетинде автоматтык түрдө демилгеленет.

Сунушталган кызматтар

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы