Перейти на новый сайт


MegaCloud булутта сактагычы

MegaCloud – бул файлдарыңызды булутта сактоо
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«MegaCloud» − бул кызматтын жардамы менен MEGA абоненти телефонунун эс тутумун үнөмдөп колдонуп, жеке маалыматтарын булут мейкиндигинде сактай алат.

MegaCloud мобилдик тиркемеси аркылуу маалыматтарыңызды булутка жүктөө жана/же аларга жетки алуу үчүн, төмөнкү иш-аракеттерди аткарууңуз зарыл:

• MegaCloud мобилдик тиркемесин AppStore'дон (iPhone жана iPad үчүн) / Google Play Market'тен (Android үчүн) табуу жана  орнотуу;

• керектүү көлөмдөгү кызматты кошууга сурам жөнөтүү   жана/же USSD/SMS аркылуу бир жолку Логин жана Пароль аркылуу сурам жөнөтүү;

• MegaCloud тиркемесинде авторизациялоодон өтүү;

• Тиркеме кошумча текшерүүнү (PIN-код / ​​Touch ID / Face ID) сурайт, маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча коопсуздук деңгээлин жогорулатуу үчүн орнотуу сунушталат.

Мобилдик тиркеменин интерфейси 2 тилде – кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

Тиркеме  «Ак Булут Софт» ЖЧК тарабынан иштелип чыкты.

Тиркемени жүктөп алуу: https://megacloud.kg/install

  • Наркы жана тарифтөөсү

    Булут эс тутуму 5 ГБ

    25.0
    сом/айына.

    Булут эс тутуму 15 ГБ

    40.0
    сом/айына.

    Булут эс тутуму 50 ГБ

    80.0
    сом/айына.

    Булут эс тутуму 100 ГБ

    150.0
    сом/айына.

    Булут эс тутуму 1 ТБ (1000 ГБ)

    600.0
    сом/айына.
  • Кошуу чеги

    Абоненттик төлөмдүн наркы + 0,5 сом

    0.5
    сом.

Бир айга 5 ГБ кошуу

*919*1*5#

Бир айга 15 ГБ кошуу

*919*1*15#

Бир айга 50 ГБ кошуу

*919*1*50#

Бир айга 100 ГБ кошуу

*919*1*100#

Бир айга 1 ТБ (1000 ГБ) кошуу

*919*1*1000#

Кызматты өчүрүү

*919*0#

Маалыматтарды толук өчүрүү менен кызматты өчүрүү

*919*005#

Статусту текшерүү

*919#

Логинге жана паролго сурам

*919*9#
  1. Кошулган топтом 30 (отуз) календардык күндүн ичинде аракетте болот. 1 (бир) ай = 30 (отуз) календардык күн.
  2. Топтомду Компаниянын бардык кызматтары менен бир учурда колдонууга болот.
  3. Кызмат 2 тилде көрсөтүлөт (кыргыз, орус). Баштапкы абалда – орус тили.
  4. MegaCloud топтомдорунун алкагында интернет-трафик тарифтелбейт.
  5. Интернет- трафик тандалган топтомдун аракет мөөнөтү аяктаганга чейин берилет.
  6. Бир номерден бир нече (ар түрдүү) топтомдорду кошууга/бир учурда колдонууга болбойт.
  7. Бир номерге окшош топтомдорду кошууга мүмкүн эмес.
  8.  MegaCloud топтомдору «Суперыңгайлуу 7 аймактык», «Суперыңгайлуу 7», «Суперыңгайлуу 7 Pro» тарифтик пландары менен бир учурда колдонулбайт.
  9. Мобилдик түйүн аркылуу файлдарды жүктөөдө трафик тарифтелбейт, башка түйүндөрдү колдонууда жүктөө ылдамдыгына эч кандай чектөөлөр жок.
  10. Булут сактагычка жүктөлгөн маалыматтар үчүн колдонуучу өзү жооп берет.
  11. Маалыматтардын сакталышы жана купуялуулугу үчүн жоопкерчилик "Ак Булут Софт" ЖЧКга жүктөлгөн.
  12. Эгерде абонентке байланыш кызматтарын көрсөтүү колдонуудагы мыйзамдарда жана / же байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминде белгиленген тартипте токтотулган болсо, абонент кызматты кошо албайт.
  13.  Кызматты кошкондон кийин, абонент файлдарды жүктөө жана сактоо үчүн аралыктан  сактагычтагы мейкиндикти пайдалануу укугуна ээ болот.
  14.  MegaCloud кызматынын алкагында, Абонентке диск мейкиндиги берилет жана аны абонент өз каалоосу боюнча колдоно алат.
  15. Бөлүнгөн көлөмгө жеткенде же ашып кетсе, жүктөө функциясы боюнча кызмат көрсөтүү токтотулат.
  16. Абонент мобилдик тиркеме аркылуу туруктуу көлөмдөрдү сатып алуу же USSD-буйруулардын жардамы менен кошуу аркылуу булут мейкиндигин өз алдынча кеңейте алат.
  17. Кызмат Оператор тарабынан түзмөктү тууралоо жүргүзүлгөндө жана түзмөк Интернет түйүнүнө туташтырылган учурда гана көрсөтүлөт.
  18. Оператор маалыматтардын жоголгондугу же аларга зыян келтирилгендиги үчүн жооптуу эмес.
  19. Оператор кызмат көрсөтүү үчүн үчүнчү жактарды тартууга укуктуу.
  20. Абонент Аккаунтка кирүү үчүн маалыматтарды купуя сактоого милдеттенет. Кызматты колдонуунун алкагында Аккаунтту колдонуу менен аткарылган бардык аракеттер үчүн абонент жоопкерчилик тартат. Аккаунтту уруксатсыз пайдалануу жөнүндө Абонент Операторго токтоосуз билдирүүгө милдеттенет.
  21. Оператор кызматтын үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн, аралыктагы  сактагычта жайгаштырылган  маалыматтардын жоголуп кетүүсү же кызматты колдонууда пайда болгон же келип чыгуусу мүмкүн болгон башка жоготуулар үчүн жооптуу эмес.
  22. MegaCloud булутта сактагычында  файлдар канча убакытка чейин сакталат? Файлдар сиз кызматты колдонуп жаткан мезгилдин  ичинде сакталат. Эгерде 3 ай ичинде эч кандай иш-аракет аткарбасаңыз, анда маалыматтар жок кылынат. MEGA менен келишимди бузгандан кийин, бардык маалыматтар жок кылынат.
  23. Телекоммуникация жана энергетика түйүндөрүндө  келип чыккан мүчүлүштүктөрдөн, зыяндуу программалардын аракеттеринен, ошондой эле үчүнчү жактардын уруксатсыз кирүүгө жана / же аралыктан  сактагычты иштен чыгарууга багытталган алдамчылык  аракеттеринен улам кызмат көрсөтүүнүн алкагында өз милдеттенмелерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Оператор жоопкерчилик тартпайт.
  24. Оператор абонент тарабынан булутта сактоочу жайга жайгаштырылган маалыматтарды пайдаланбайт жана анын мазмунун талдабайт.
  25. Ушул Жалпы жарыя сунушту кабыл алуу менен, абонент кызмат көрсөтүүнүн  жогорудагы чектөөлөрүнө (өзгөчөлүктөрүнө) макул болот. Эгерде абонент кызматты ушул шарттарда көрсөтүлгөн чектөөлөр (өзгөчөлүктөр) менен колдонууну каалабаса, анда абонент кызматты өчүрүп салууга укуктуу. Кызмат өчүрүлгөнгө чейин, абонент кызмат үчүн акыны ушул шарттардын 4-бөлүмүндө −"Баалар жана тарифтөө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн өлчөмдө жана тартипте төлөөгө милдеттүү.
  26. Эгерде Абонент үчүнчү жактардын жеке маалыматтарын булут мейкиндигине жүктөсө, Оператор ал маалыматтарга жетки ала албайт жана ал маалыматтар  Оператор тарабынан иштелип чыкпайт. Булут мейкиндигине үчүнчү жактардын жеке маалыматтары жайгаштырылган учурда, абонент жеке маалыматтар боюнча колдонуудагы мыйзамдарды сактоого милдеттенет.
  27. «Интернет 7» жана «Интернет 7 Аймактык»  тарифтик топтомдорунда MegaCloud 15ГБ көлөмдө акысыз берилет жана өчүрүүгө болбойт.

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «Ассистент»

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы