Перейти на новый сайт

«MegaБит» интернет-түзмөктөрү үчүн тариф

Өз Wingle түзмөгүңдү алып кел да, айына болгону 750 сомго суперыңгайлуу тарифти кошуп ал!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

3 Мбит/с чейинки ылдамдыктагы интернет-трафиктин чектелбеген көлөмү:

  • «MegaБит 3» тарифи – 3 Мбит/с чейин 750 сомго.

Тарифтин аракет мөөнөтү – 30 күн.

 «MegaБит» тарифтеринин алкагында интернет-трафиктердин көлөмдөрү, абонент кайсы түйүндө (4G LTE/3G/2G) болгондугунан көз карандысыз жана ЧЕКТӨӨСҮЗ берилет.

4G түйүнүнүн каптоо аймагынын картасы 4G.megacom.kg баракчасында жеткиликтүү.

Тарифке кошулуу наркы 0 сомду түзөт. Алгачкы 30 календардык күн үчүн абоненттик төлөмдүн наркы гана алынат. АТ тандалып алынган тарифтик планга жараша аныкталат жана  750 сомду түзөт. Абоненттик төлөм ар бир 30 календардык күн сайын алынат. Эгерде каражаттар жетишсиз болсо, интернетке кирүү жеткиси чектелет.

Аталган тарифтерге 4G түзмөктөрдүн (Wingle, роутер, модем) жардамы менен гана кошулууга болот. 4G түзмөгүңүз жок болсо, аны АКЦИЯ  боюнча сатып алсаңыз болот.

  • 30 календардык күн үчүн абоненттик төлөмдөрдүн өлчөмдөрү

    «MegaБит 3» тарифи: ылдамдыгы 3 Мбит/с чейин

    750.0
    Сом.
  • Интернет-трафик

    1 Mb GPRS/3G/4G интернет трафиктин наркы (100 кб чейин тегеректөө)

    0.0
    Сом.

КР операторлорунун катталган номеринен чыккан чалуунун наркы (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) мүнөтүнө 5.0 сом. Аныкталбаган оператордун номерлеринен чыккан чалуунун наркы (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) мүнөтүнө 3.0 сом.

Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин операторлорунун мобилдик номерлеринен кирген чалуулар түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) мүнөтүнө 0.0 сом. Түз эмес номерлөөсү менен номерлер үчүн кирген чалуулар мүнөтүнө 0.0 сомдон тарифтелет.

 «Альфа Телеком» ЖАКтын номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар мүнөтүнө 5.0 сомдон тарифтелет.

 Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар мүнөтүнө 7.0 сомдон тарифтелет. КРдин операторлорунун катталган номерлерине чыккан чалуулардын мүнөтү 7.0 сом. Эл аралык операторлордун номерлерине чыккан чалуулар «Эл аралык» байланыш кызматынын үн байланышынын тарифтөөсүнө ылайык тарифтелет.

 MegaCom «880» кодунда MegaCom номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар мүнөтүнө 5.0 сомдон тарифтелет.

MegaCom номерине бир SMS жөнөтүү 3.0 сомдон тарифтелет. Кыргызстандын байланыш операторлорунун номерлерине бир SMS жөнөтүү 5.0 сом. Эл аралык операторлордун номерлерине SMS жөнөтүү «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS-билдирүүлөрдү тарифтөөсүнө ылайык тарифтелет.

«MegaБит» тарифтеринин алкагында интернет-трафиктердин көлөмдөрү, абонент кайсы түйүндө (4G LTE/3G/2G) болгондугунан көз карандысыз жана ЧЕКТӨӨСҮЗ берилет.

 Түйүндүн каптоо аймагынын картасы 4G.megacom.kg сайтында.

 Тегеректөө кадамы КРдин аймагы боюнча чыккан чалуулардын тарифтөөсүнүн жогорулоо тарабына – 10 секунд.

4G, 3G, GPRS трафиктин тарифтөө кадамы – 100 KB. Тегеректөө ар бир сессия аяктагандан кийин жогорулоо тарабына жүргүзүлөт.

Чыккан жана кирген видео чалуулар «Видеочалуу» кызматынын шарттарына ылайык MegaCom, Beeline жана О! абоненттеринин номерлери үчүн гана жеткиликтүү. MegaCom, Beeline жана О! абоненттеринин номерлерине чыккан видео чалуулардын наркы тарифтик пландын негизги тарифтөөсүнө ылайык чыккан үн чалуулардын наркына шайкеш келет.

Абоненттик төлөм баланста каражат жетиштүү болгон шартта, абоненттик төлөм акыркы жолу алынган убакыттан 30 календардык күн өткөндөн кийин алынып турат. Эгерде абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн каражат жетишсиз болсо, интернетке жетки чектелет.

Топтомду активдештирүү, балансты абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу үчүн жетиштүү болгон суммага чейин толуктагандан кийин, 10 мүнөттун ичинде ишке ашырылат.

 Компаниянын Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылып, тейлөөнүн алдын ала төлөө системасынын бардык тарифтеринен «MegaБит» тарифине өтүүгө болот. Абонентте 4G түзмөгүнүн (Wingle, роутер, модем) жана түзмөктү абоненттин SIM-картасына байлоо (привязка) мүмкүнчүлүгүнүн болуусу шарт (туура IMEI: шарты IMEI based charging). Өтүү наркы – 0 сом.

4G түзмөктүн байланган SIM-карта (же бир комплектидеги) менен гана туура иштейт. Өз кезегинде, SIM-карта байланган түзмөк (же бир комплектиде) менен гана туура иштейт.

«MegaБит» тарифтеринен тейлөөнүн алдын ала төлөм системасындагы (өтүү үчүн жеткиликтүу болгон) каалаган башка тарифтик планга СТБ аркылуу гана өтүүгө болот. «MegaБит» тарифтеринен башка каалаган тарифке өтүүдө байланган SIM-карта менен 4G түзмөктүн шарттары жокко чыгарылат.

Ар бир кардарына ыңгайлуу интернет жеткисин камсыздоо MegaCom үчүн маанилүү. Ошондуктан компанияда «трафикти адилеттүү колдонуу саясаты» колдонулат.

Компаниянын бардык абоненттерине интернетти ыңгайлуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында «MegaБит» тарифинде трафик менен адилеттүү колдонуу саясаты – Fair Usage Policy (FUP) колдонулат, бул өзгөчө жүктөм маалында түйүн ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүнү шарттайт. Эгерде эсептешүү мезгилинин ичинде (абоненттик төлөм акыркы жолу алынган күндөн тарта) абонент интернеттин өзгөчө чоң көлөмүн колдонуп жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, система абоненттик төлөм кийинки жолу алынганга чейин (эсептешүү мезгилинин аягына чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тарта интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай ыкма түйүндүн ресурстарын абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүүнү шарттайт жана мүмкүн болгон жогорку ылдамдык камсыздалат.

«MegaБит» тарифтеринин алкагында интернет-трафик роумингде жеткиликтүү эмес.

Баланс 0,00 сомго жеткен учурда кирген акысыз чалуулар жана SMSтерден, жана да Компаниянын сервистик кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, башка бардык акы төлөнүүчү аракеттер ( опциялар, топтомдор менен колдонуу, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын колдонууну жаңылоо үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо зарыл.

Акы төлөнүүчү байланыш кызматарын 180 календардык күндөн ашык убакыт колдонбогон учурда, абоненттин номери жана анын балансындагы акча каражаттарынын калдыгы жокко чыгарылат.

Маанилүү: «НК «Кыргыз Темир Жолу»» мамлекеттик ишканасынын: 996312926хxx- 996312927ххх, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын: 99631289xxxx, «Сатком» ЖЧКнын: 99631296xxx - 996312964ххх, «Абател» ЖЧКнын: 99632229хxxx - 99632229xххх катталган номерлерине чыккан чалуулар, КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан, мүнөтүнө 7,99 сомдон тарифтелет.

Ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдөр жана кошуу наркы бардык салыктарды эсепке алуу менен, калган кызматтардын наркы КНСти эсепке алып, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.


«MegaБит» тарифтеринде компаниянын төмөндөгү кызматтары жеткиликтүү: 

«Балансты текшерүү» (*500#),

«Номерди жана тарифти текшерүү» (*112#),

«Так убакыт» (*060#),

«АТК (төлөм карталары) активдештирүү» (*555#),

«АТК статусун текшерүү» (*55#),

«Тилди тандоо» (*404#),

«Эсептөөлөрдү текшерүү» (*080#, *081#),

«Эскертүү чеги» (*081*9#),

«Сиздин мобилдик эсебиңиз» (*130#),

«Сиздин төлөм» (*140#),

«Учурдагы арзандатууларды текшерүү» (*505#),

«Ким чалды?» (*200#),

«Мобилдик которуу» (*550*1*0XXХхххххх*которулуучу сумма#).

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • MegaTV

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы