Перейти на новый сайт
MegaCom: 50дөн ашуун айыл сапаттуу байланыш менен камсыз болду

MegaCom: 50дөн ашуун айыл сапаттуу байланыш менен камсыз болду

MegaCom компаниясы республикабыздын аймагын сапаттуу байланыш түйүнү менен камтуу боюнча көч башында келе жатат. Алдыңкы мобилдик оператор, 4G LTE жаңы жогорку ылдамдыктагы технологиясын өнүктүрүү менен бирге, өлкөбүздүн алыскы аймактарын да көз жаздымда калтырбай келет.

Жаңы базалык станциялардын ишке киргизилиши менен төмөндөгү үч облустун тургундары 3G стандартындагы ыкчам интернет менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту:

Ош облусу: Кара-Жыгач,  Ак-Жар, Алпордо а., Жаңы-Кызыл-Суу а.,  Коргон а., Талаа а., Учкун а., Чайчы а., Беш-Абышка а., Ийрек а., Коргон а., Корс-Этти а., Үңкүр а., Чалк-Ойде а., Ынтымак а.,  Элчибек айылы.

Талас облусу: Үч-Коргон а., Кеңеш а., Чат-Базар а., Чоң-Токой а., Көпүрө-Базар а., Талды-Булак а., Үч-Булак а., Арал а., Үч-Эмчек а., Жон-Коргон а., Бакыян а., Кара-Суу а., Манас а., Кара-Ой а., Сасык-Булак а.,  Маданият а., Таш-Кудук а., Кызыл-Октябрь а., Кең-Арал а., Атай Огомбаев а., Чыйырчык айылы.

Жалал-Абад облусу: Ызар а.,Жаңы-Айыл а., Күлүк-Дөбө айылы.

Түйүндүн сыйымдуулугунун кеңейгендигине байланыштуу Бишкек, Өзгөн, Талас, Каракол шаарларында жана дагы  10 айылда 3G-сигнал жакшыртылды:

Ош облусу боюнча: Жаңы-Ноокат а., Араван айылы.

Жалал-Абад облусу: Сузак а., Массы айылы.

Талас облусу: Көк-Токой а., Жоон-Төбө а., Куру-Маймак а., Суулу-Маймак айылы.

Ысык-Көл: Чоң-Сары-Ой,  Бостери айылы

MegaCom аракеттеги базалык станцияларын жаңылап турууну да эстен чыгарбай келет. Бишкек жана  Кара-Суу шаарларында  түйүндү оптималдоо боюнча бир катар техникалык жумуштар аткарылып, натыйжада жогорку ылдамдыктагы 4G LTE мурдагыдан да ыкчам болуп калды.

MegaCom түйүнүн ишенимдүү кабыл алуу аймагында  өлкөбүздүн калкынын 99 пайыздан ашууну жашайт. Түйүндүн каптоо аймагын  Каптоо аймагынын интерактивдүү картасынын  жардамы менен онлайн-режимде көрүүгө болот. Колдонууга ыңгайлуу болгон бул картадан жакын жерде жайгашкан базалык станциялар, 2G, 3G жана ыкчам 4G-каптоосу тууралуу  да маалымат ала аласыз.

MegaCom – ишенимдүү  байланыш оператору.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы