Перейти на новый сайт

Бишкек шаарында классикалык музыка концерти өткөрүлөт

 

Бишкек шаарында классикалык музыка концерти өткөрүлөт

24-декабрь күнү Филармониянын чоң залында Кыргыз Республикасынын Президентинин патронаждыгы (колдоосу) алдында классикалык музыка концерти өтөт. Майрамдык иш-чаранын башкы демөөрчүсү – MegaCom компаниясы.

Жаңы жылдын алдында MegaCom компаниясы Кыргызстандын жашоочуларын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап жана классикалык чыгармалардан жана жаш белгилүү артисттер Аяко Танабэ менен Азамат Сыдыковдун техникалык чеберчиликте аткарууларынын эргүү алуу белегин тартуулайт.

П.И. Чайковскийдин 170 жылдыгына арналган концертте гений композитордун белгилүү, унутулгус чыгармалары аткарылат. Программа өзүнө эки бөлүктү камтыган: оркестр менен скрипка үчүн концерт жана №1 оркестр менен фортепиано үчүн концерт.

Аяко Танабэ - «Generoso» кыл квартетин негиздөөчүлөрдүн жана туруктуу катышуучуларынын бири,  Н. Хондзинскийдин жетекчилиги алдындагы «Русская Консерватория» камералык капелланын солисткасы. Азамат Сыдыков – кыргыз пианисти, көптөгөн эл аралык конкурстардын лауреаты. Жаш таланттар П. И. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясында билим алышат.

Концерттин башталышы 18:00. Кирүү акысыз.

 

Сунушталган кызматтар

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы