Перейти на новый сайт

MegaCom түйүнүндө жаңы коддун киргизилиши

 

MegaCom түйүнүндө жаңы коддун киргизилиши

2008-жылдын 25-мартынан баштап MegaCom компаниясы өзүнүн абоненттерине жаңы 0 550 кодун  колдонууга киргизип жатат.

«Жаңы коддун киргизилиши – бул компаниянын интенсивдүү өнүгүүсүндөгү жасаган дагы бир кадамы, - деп белгилейт «БиМоКом Лтд» ЖЧКнын коммерциялык директору Александр Ходырев, - бүгүнкү күнү MegaCom абоненттеринин саны 750 миңден ашып, өз өсүүсүн токтобостон улантууда. Абоненттик базанын мындан ары да өрчүшү үчүн номердик сыйымдуулугун кеңетүү керек, мына ушуга байланыштуу биз кошумча кодун киргизүүнү чечтик».

0 550 коду 0 555 коду менен чогу пайдаланыла берет. MegaCom түйүнүнүн ичинде номерди терүү шарттары өзгөрүүсүз калууда – телефон чалууда же SMS билдирүүлөрүн жөнөтүүдө MegaCom абонентинин номери 0 555 хххххх же 0 550 хххххх форматында терилиши керек. Бул жердехххххх телефон чалынып жаткан абоненттин номери.

0 550 кодуна башталган номерлердин бардыгы «түз эмес» деп эсептелинет, башкача айтканда, катталган байланыш операторлорунун абоненттери («Кыргызтелеком», Saima Telecom, SapatCom) 0 550 кодуна башталган MegaCom абонентинин номерине телефон чалган учурда өзүнүн оператору белгилеген бааларга ылайык төлөшөт.

0 550 кодуна башталган номерлердин ээлери үчүн чыккан, кирген жана дареги жаңыртылган чакыруулардын бардыгы MegaCom абоненти тандаган тарифтик планына ылайык тарифтелинип турат.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы