Перейти на новый сайт

MegaCom Ошто жана Араванда Сатуу жана тейлөө борборлорун ачты

MegaCom Ошто жана Араванда Сатуу жана тейлөө борборлорун ачты

Учурдагы абоненттерге жана потенциалдуу кардарларга шарттарды түзүү, ошондой эле байланыш кызматынын түрлөрүнөн кеңири пайдалануу шарттарын болушунча жөнөкөйлөтүү аракетинде MegaCom компаниясы өлкөнүн аймактарында бөлүмдөр түйүнүн кеңейтүүнү улантат.

2022-жылдын октябрында компаниянын расмий өкүлчүлүктөрү Ош шаарындагы жана Араван айылындагы Сатуу жана тейлөө борборлору менен толукталды.

Жаңы кеңселерге кайрылган кардарлар SIM-карталарды сатып алуу жана каттатуу, номерди калыбына келтирүү же кайра каттоо, баланс толуктоо, актуалдуу кызматтарды коштуруу, ошондой эле MegaCom’дун жаңы тарифтик пландары, сервистери жана кызматтары боюнча адистерден кеңештерди ала алышат.

Сиздерди төмөнкү даректерде жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлорунан кубануу менен тосуп алууга даярбыз:

  • Ош шаары, Т. Жумабаев көчөсү, 16;
  • Ош облусу, Араван району, Араван айылы, Андижан көчөсү.

MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлорунун толук тизмеси менен компаниянын расмий сайтынан тааныша аласыздар.

MegaCom – мамлекеттик уюлдук байланыш оператору

Сунушталган кызматтар

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы