Перейти на новый сайт

Дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр! Санариптик мамлекеттик жаңы кызматтар – MegaPay тиркемесинде

Дагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр! Санариптик мамлекеттик жаңы кызматтарMegaPay тиркемесинде

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaPay тиркемесинин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүну улантат. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин колдоосу менен компания абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн смартфон аркылуу акысыз колдонууга мүмкүн болгон мамлекеттик 11 жаңы кызматты ишке киргизди.

MegaPay’ге (жүктөп алуу үчүн App Store жана Google Play’де жеткиликтүү) мамлекеттик кызматтарды киргизүү жарандарга аларды пайдалануу процессин жөнөкөйлөтүү үчүн ишке ашырылды. Ошону менен катар эле абоненттер өздөрүнүн убактысын жана акчасын үнөмдөй алышат!

Эми MegaPay’де онлайн режимде төмөнкү мамлекеттик кызматтар жеткиликтүү:

  • «Паспортту текшерүү»: бул сервис паспорттун аныктыгын текшерүү мүмкүнчүлүгүн берет;
  • «Паспорттун даяр болушун»: бул кызматтын жардамында абонент ПИН (ИНН) боюнча документтин даяр болгон же боло электигин текшере алат;
  • «Үй-бүлөлүк абалды текшерүү»: кызмат абоненттин ПИНи (ИНН) аркылуу анын үй-бүлөлүк макамы тууралуу маалыматтарды алууну шарттайт;
  • «Балага сүйүнчү» төлөмүнүн макамын текшерүү»: Сервис бала төрөлгөндө бир жолу бериле турган төлөмдүн макамын анын ПИН/ИННи аркылуу аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт;
  • «ПИН билдирмелеринин макамын текшерүү»: аталган кызматтын жардамында сиз кош ПИНдерди оңдоого берилген билдирмелердин макамын текшере аласыз;
  • «Каттоо дарегин текшерүү»: кызмат катталган дареги бар же жоктугун текшерүүнү шарттайт;
  • «Аймактык шайлоо комиссиясын текшерүү»: бул сервис менен сиз өзүңүздү шайлоочулардын катарынан издесеңиз болот;
  • «Катталган адамдардын санын текшерүү»: ЕНИ кодунун негизинде бул сервистен катталган адамдардын саны боюнча маалымат алууга мүмкүн;
  • «Дипломдун аныктыгын текшерүү»: аталган кызматты колдонуу менен алган билими боюнча дипломдун аныктыгын текшерсе болот. Ал үчүн дипломдун сериясын, номерин, окуп бүткөн жылды жазып, «Текшерүү» баскычын басыңыз;
  • «Жоголгон жана табылган буюмдардын бюросун текшерүү»: бул кызматты колдонуу менен сиз жоголгон документиңиз маалыматтар базасында бар же жоктугун текшере аласыз;
  • «Никеге туруу жөнүндө маалымат»: ПИН/ИНН боюнча колдонуучуларга никени мамлекеттик каттоо жөнүндө документте жазылган маалыматтар берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардын ичинен сизге керектүүсүн пайдалануу үчүн MegaPay тиркемесин ачып, «Сервис» баракчасына, андан соң «Мамлекеттик кызматтар» бөлүмүнө өтүп жана керектүү пунктту тандоо жетиштүү.

Маанилүү! Аталган кызматтардан Кыргызстандын идентификациялоодон өткөн колдонуучу жана резиденттери гана пайдалана алышат. Ал үчүн смартфондон онлайн-идентификациялоодон өтүүнү же MegaCom’дун каалаган Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылууну сунуштайбыз.

MegaPay – жашооңуздагы ар тараптуу жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы