Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) абоненттерине 2021-жылдын 1-декабрынан тартып «Байланышта» кызматынын аталышы «Ассистент» болуп өзгөрө тургандыгын маалымдайт. Муну менен катар эле анын функционалы да кеңейтилет.

«Ассистент» кызматы ага чалган абоненттерден үн билдирүүлөрүн кабыл алып же абонентке ал байланышта эмес болгон учурдагы чалуулар тууралуу билдирүүлөрүн жана чалган абоненттерге керектүү билдирүүлөрүн жөнөтүү менен колдонуучу бир дагы чалууну коё бербей турган мүмкүнчүлүктү түзөт.

«Ассистент» кызматынын профили өзүнө төмөнкү функцияларды камтыйт: «Үн почтасы», «Сизге чалышты», «Кайрадан байланышта», «Автожоопбергич» жана «SMS Визитка».

  • «Үн почтасы» функциясы (кошуу мурдагы тартип боюнча) чалган абоненттерге колдонуучунун телефону жеткиликсиз болгон учурда, бош эмес болсо, өчүрүлгөн же жооп бербей калса үн билдирүүлөрүн калтырууга шарт түзөт. Колдонуучу ага калтырылган үн билдирүүлөрдү өзүнө ыңгайлуу болгон каалаган учурда *970 кыска номери www.assistent.kg web-интерфейс кызматы аркылуу укса болот.
  • Эгерде чалган абонент үн билдирүү калтырбаса, анда «Ассистент» кызматынын колдонуучусуна «Сизге чалды» функциясына ылайык, кабыл алынбаган чалуулар тууралуу SMS-билдирүү келет (кошуу мурдагы тартип боюнча).
  • Эгерде «Ассистент» кызматынын колдонуучусунда «Кайрадан байланышта» (USSD/SMS/web-интерфейс аркылуу ыңгайлаштырса болот) функциясы кошулган болсо анда ага чалган абоненттерге колдонуучу кайрадан байланышта экенин жана ага чалса боло турганын маалымдаган билдирүү келет. Аталган кызмат MegaCom тармагынын ичинде гана иштейт.
  • «Автожоопбергич» функциясы колдонуучунун жөндөөлөрүнө ылайык үн почтасы номерине келген чалууларды кайра даректөөнү карайт. Функцияны башкаруу web-интерфейс аркылуу гана жеткиликтүү.
  • «SMS Визитка» функциясы колдонуучунун номерине чалган КРнын уюлдук операторлорунун абоненттерине жекелештирилген, автоматташтырылган SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Функцияны башкаруу жана жөнөтүлгөн SMS-жооптор боюнча статистиканы алуу «Ассистент» кызматынын web-интерфейси аркылуу гана мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, кызматты колдонуу акысы 2022-жылдын 14-январына чейин промо-мөөнөттүн алкагында өзгөрүүсүз калат. Тактап айтканда суткасына 1,17 сомду (КНС менен, СС жок) түзөт. 2022-жылдын 15-январынан тартып «Ассистент» кызматы үчүн абоненттик төлөм суткасына 1,99 сомду (КНС менен, СС жок) түзөт.

Сунушталган кызматтар

  • «Тыным»

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы