Перейти на новый сайт

MegaCom: Күзгү каникулду «Балдар» порталы менен өткөрүү кызыктуу

MegaCom: Күзгү каникулду «Балдар» порталы менен өткөрүү кызыктуу

Көптөн күткөн күзгү каникул да кирип келди! Ар бир ата-эне балдарына, өзгөчө алардын  бош убактысын текке кетирбей өткөрүүсүнө кам көрөт эмеспи. Алдыңкы уюлдук оператордун «Балдар» маалыматтык-таанып билүү порталы ата-энелерге  жардамга келмекчи. Аталган портал  кичинекей бөбөктөргө да, өспүрүмдөргө да арналган.       

 kids.megacom.kg сайты бир нече бөлүктөн турат: «Мультфильмдер», «Китептер», «Оюндар», «Музыка» жана башкалар. Белгилүү усулдук ыкмалар боюнча түзүлгөн атайын программалар, логопеддин кеңештери, аң сезимди өстүрүүчү оюндар да камтылган. Бул жерден балдар көптөгөн жаңы жана пайдалуу нерселерди үйрөнө алышат. Эң башкысы − балаңыздын  жагымсыз контенттен ишенимдүү корголгондугу.         

Кошуу наркы −  0 сом, абоненттик төлөм суткасына 10 сом (КНСти жана ССти эсепке алуу менен). Порталга жазылуу үчүн *9720# буйруусун териңиз. MegaСom түйүнүнүн жазылган абоненттери үчүн интернет-трафик акысыз.

«Балдар» порталы менен балдарыңыздын убактысы текке кетпейт!

 

Сунушталган кызматтар

  • eSIM

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы