MegaCom: Олимпиадачылар Кыргызстан менен байланышта
Ата Мекендик мобилдик оператор аптаптуу Бразилияда жүргөн мекендештерибиз үчүн абдан ыңгайлуу роуминг кызматтарын сунуштап келүүдө. Бул болсо MegaCom роуминг кызматтары аркылуу кыргызстандык олимпиадачылар өз мекениндеги жакындары, күйөрмандары менен байланышта боло алышат дегенди билдирет. Бразилия менен сүйлөшүү мүнөтүнүн наркы болгону 70 сомду түзөт.
Олимпиадалык делегация, Кыргызстандан барган саякатчылар, ишкер сапарда жүргөндөр Бразилиянын Nextel Brazil, OI Movel S.A., TIM BRASIL жана VIVO операторлорунун тармактарында роуминг менен пайдалана алышат. Алыскы Риодо болуп жаткан оюндардан алган таасирлери менен MegaCom роуминги аркылуу бөлүшкөн балбан Мурат Рамонов (грек-рим стили боюнча) мунун айкын мисалы.
MegaCom абоненттерине өз номурун алмаштырбастан эле эсептешүүнүн кийин төлөнүүчү системасы аркылуу жакындары менен байланышта болуп, жогорку ылдамдыктагы интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат. Чет өлкөгө сапар тартаар алдында компаниянын роумингин кошуп алыңыз. Кызмат жеткиликтүү болгон өлкөлөрдүн тизмеси компаниянын сайтында жайгаштырылган.
MegaCom Кыргызстандын Олимпиада курамасынын, жана да Риодогу Олимпиадалык оюндарды Кыргызстандын аймагында түз алып көрсөтүүнүн Башкы өнөктөшү экендигин эсиңиздерге сала кетсек.