Перейти на новый сайт
Ош шаарында MegaCom’дун жаңы фирмалык салону ачылды

Ош шаарында MegaCom’дун жаңы фирмалык салону ачылды

Жаңы жыл босогосунда, MegaCom компаниясы Ош шаарынын тургундары жана меймандары үчүн жаңы Фирмалык салондун ачылгандыгы тууралуу кубануу менен маалымдайт. Бул болсо, түштүк жергебизде MegaCom абоненттеринин санынын арбып жаткандыгынан жана аталган жаңы фирмалык салондун өз убагында ачылгандыгынан кабар берүүдө.

Бул жерден компаниянын абоненттери кызматтардын толук топтому менен пайдаланып, тагыраак айтканда, оператордун тармагына кошулуп кошумча кызматтарды кошуп, SIM-картаны сатып алып же каттоодон өткөрүп, өз мобилдик эсебин комиссиясыз толуктап жана да мобилдик байланыш кызматтары боюнча бардык суроолоруна жооп ала алышат.

Жаңы жылдык майрамдарга жана жаңы Фирмалык салондун ачылышына карата ар бир абонент төмөндөгүдөй акцияларга катыша алат:

  • 2014-жылдын 26-декабрынан тарта 2015-жылдын 8-январына чейин түйүнгө кошулган же балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктаган бардык абоненттерге «SMS бонус» акциясынын алкагында түйүн ичинде пайдаланууга мүмкүн болгон кепилденген акысыз 50 SMS 10 күнгө берилет;
  • 2014-жылдын 25-декабрынан тарта 2015-жылдын 7-январына чейин, 50 пайыз жеңилдик менен «алтын» жана «күмүш» категорияларындагы номурларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү тартууланат.

Жаңы фирмалык салондун кесипкөй адистери Сиздерди Ош шаары, Кара-Суу көчөсү (Борбордук базар) дареги боюнча саат 9:00дөн 18:00гө чейин күтүшөт, тыныгуу убактысы саат 12:30дан 13:30га чейин, дем алыш күнү –жекшемби.

Сунушталган кызматтар

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Планер

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы