Перейти на новый сайт
Кыргызстандын жаш илимпоздору үчүнчү орунга ээ болушту

 

Кыргызстандын жаш илимпоздору үчүнчү орунга ээ болушту

MegaCom компаниясы, 2012-жылдын 7-майында АКШнын Техас штатындагы Хьюстон шаарында өтө турган экология боюнча эл аралык олимпиадага катышуусу үчүн Кыргызстандын эки окуучусуна демөөрчүлүк жардам көрсөттү. Ош шаарындагы “Сема” кыргыз-түрк лицейинин окуучулары Нурбек Сакиев жана Илим Кудайбаков I-SWEEEP эл аралык көргөзмөсүндө фиторемедианттарды колдонуу менен уранды жер кыртышынан алуу долбоорун көрсөтүшүп, сыйлуу үчүнчү орунга ээ болушту.


 

Алар, Майлуу-Суу шаарындагы уран сактагычтарындагы түзүлгөн жагдайдын маанилүүлүгүн сезүү менен,аны четтетүүгө өз салымын кошууну каалашат. “Өткөрүлгөн тажрыйбалардын негизинде, биз радиоактивдүү заттарды өзүнө тартып алуучу бир нече өсүмдүктөрдү таптык”, - деп белгиледи Илим Кудайбаков. Кыргызстандык окуучулардын иштелмеси Жапон окумуштууларын абдан кызыктырды.

Эл аралык I-SWEEEP (International Sustainable World (Energy, Engineering, and Environment) Project Olympiad) көргөзмөсү энергетика, инженерия, курчап турган чөйрөнү коргоо тармактарын өнүктүрүү долбоорлорун колдоого багытталган. Көргөзмө, мектеп окуучулары үчүн математика, илим жана техника, компьютердик технологиялар багытындагы билим берүү программаларын ишке ашырган Хьюстондогу коммерциялык эмес билим берүү уюму, Cosmos Foundation фонду тарабынан уюштурулган. Көргөзмөдө дүйнөнүн 68 өлкөсүнөн жана АКШнын 44 штатынан келген, 500дөн ашуун долбоорлор катышты.
MegaComдун колдоосу менен, жаш илимпоздорубуз, 2011-жылы АКШда өткөрүлгөн көргөзмөгө катышып, төртүнчү орунду ээлегенин белгилей кетели, анда алар I-SWEEEPте тамак-аш калдыктарынан биодизелди алуу долбоорун көрсөтүшкөн.
 

Сунушталган кызматтар

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы