MegaCom «Жылдын мыкты өнөктөшү» аталды
«Супер-Инфо» – Кыргызстанда эң көп окулуучу гезит - MegaCom компаниясын «Жылдын мыкты өнөктөшү» деп атады. Сыйлык «Супер – 2010» концертинин алкагында 5-декабрда тапшырылды. MegaCom компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Азат Базаркулов республикадагы эң популярдуу гезитинен мындай наамга татыктуу болуу компания үчүн эки эсе сыймык деп белгиледи.
- «Супер-Инфо» – Кыргызстан гезит рыногунун лидери экендиги талашсыз, аталган гезитти 100 миңден ашык мекендештерибиз окуп келишет. Биздин компаниянын абоненттеринин саны 2 миллиондон ашып, MegaCom өлкөдөгү алдыңкы оператор катары таанылууда. Биздин окшоштуктарыбыз көп - MegaCom да, «Супер-Инфо» гезити да - өз ишинде мыктылардын бири болууга жетишип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келет, – деп белгиледи Азат Базаркулов.
Сыйлык тапшыруу менен катар эле «Супер-2010» концертинде сулуулар сынагынынжеңүүчүлөрү да аныкталды. Сынактын финалына чыккан 13 сулуу бийкеч сырткы келбети менен гана эмес, Кыргызстандын тарыхы менен маданиятын билүү жагында акыл сынашып, ырдоо, бий жана актердук чеберчиликтеринде да өнөрлөрүн көрсөтө алышты. «Супер Сулуу-2010» сулуулук конкурсунун экинчи орунуна татыктуу болгон Ажар Абдысадыровага MegaCom компаниясынан белектер тапшырылды.
Алдынкы компанияларга жана бизнес өкүлдөрүнө, саясатчыларга, мода тармагында, журналистика, музыка жана кино жаатында эмгектенгендерге “Супер-Инфо” гезитинин сыйлыгын тапшыруу жыл сайын өткөрүлөт. Жеңүүчүнү гезиттин сайтында добуш берүү менен окурмандар өздөрү ныкташат.