Перейти на новый сайт

MegaPay аркылуу салыктарды комиссиясыз төлөңүз

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу салыктарды төлөөдө комиссиянын жоюлганын жарыялайт.

Эми сиз салыктын төмөнкү түрлөрүн КОМИССИЯСЫЗ төлөй аласыз:

• Турак жай имаратына, курулушуна мүлк салыгы;

• Турак жай эмес имараттар жана курулмалар боюнча мүлк салыгы;

• Мүлккө, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерге салык;

• Унаа салыгы.

Ошондой эле, төлөм кодун колдонуу менен салыктарды төлөөдө комиссия эсептен чыгарылбайт.

Салыктарды төлөө үчүн сиз:

• MegaPay колдонмосун жүктөп алуу же жаңыртууңуз керек (App Store жана Google Play'де жеткиликтүү);

• «Кызматтар» бөлүмүн ачып, андан кийин «Мүлк салыгын төлөө» кошумча барагын тандаңыз;

• төлөө үчүн зарыл болгон салыкты тандаңыз;

• мүлк салыгын тандоодо жылды көрсөтүп, ИНН, EНИ киргизүү керек;

• транспорттук каражатка салыкты тандоодо сиз каалаган транспорттун түрүн, салык мезгилин тандап, ИННди жана автоунаанын мамлекеттик номерин киргизишиңиз керек.

Салыктын суммасы автоматтык түрдө эсептелинет, болгону төлөмдү ырастоо жетиштүү.

Төлөм квитанциясы "Төлөм тарыхында" сакталат, зарыл болсо, түзүлгөн квитанцияны басып чыгарууга болот. Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, банк эсебинин номери жана текшерүү датасы аркылуу Мамлекеттик салык кызматынын сайтында төлөм статусун текшерүүгө да болот.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-сентябры ишкердик үчүн пайдаланылбаган транспорт каражаттарына жана кыймылсыз мүлккө салыктарды төлөөнүн акыркы мөөнөтү болуп саналат.

MegaPay –жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Номурду кайрадан каттоо»

    кызматы