Перейти на новый сайт

ЕВРО-2024 чемпионатын MegaTV'де көрүңүз!

Бардык футбол күйөрмандары үчүн сонун жаңылык! UEFA EURO 2024  футбол боюнча Европа чемпионатынын бүйүр кызыткан  беттештерин  MegaTV  колдонмосунда  улуттук “УTРK Sport” телеканалынын түз алып берүүсүндө көрүңүз.

2024-жылдагы эң чоң спорттук иш-чаранын башталышына эки гана күн калды! Евро-2024 чемпионатынын финалдык бөлүгүнө 24 команда катышып, алар төрт командадан турган алты топко бөлүнөт.

Спорттук маанилүү иш-чараны көз жаздымда калтырбаңыз, «Элдики + MegaTV» тизмегинин бардык тарифтеринде мобилдик телекөрсөтүү АКЫСЫЗ, ал эми интернет-трафик тарифтелбейт. Демек, «УТРК Спорт» телеканалында Европа чемпионатынын таймаштарынан  түз алып берүүлөрдү  смартфонуңуздан, планшетиңизден, Smart TV'ден же megatv.kg   веб-интерфейси аркылуу компьютериңизден көрүңүз. Жазылууну бир номерге кошуп алуу менен, түрдүү беш түзмөк аркылуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгы көрө ала тургандыгын эскертебиз.

MegaTV колдонмосун жүктөп алыңыз (App Store жана  Google Play) . Кайсы жерде – үйдө, кеңседе, кафеде же жаратылыш койнунда жүрсөңүз да, сүйүктүү командаңыздын чыныгы күйөрманы болуңуз!

MegaTV – мобилдик телеберүү ар дайым жаныңда!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • eSIM

    кызматы

  • «ЗОЖ»

    кызматы