Перейти на новый сайт

MEGA: VoLTE акысыз кызматы – үзгүлтүксүз, жогорку ылдамдыктагы интернет менен коштолгон кристалдай тунук үн

100% акциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таандык болгон MEGA мобилдик операторунун абоненттери  VoLTE технологиясын жогору баалашты. VoLTE кызматы MEGA тарабынан Кыргызстанда 2023-жылдын апрель айында алгачкы жолу ишке киргизилген.

VoLTE, же Voice over LTE − тез терүү жана тунук үн менен чалуу технологиясы. Технологиянын иштеши үчүн, VoLTE'ни иштөөсүн шарттаган смартфон  жана 4G колдоосу менен SIM- карта керек. Технология бир эле учурда телефон аркылуу сүйлөшүүгө жана Интернетти колдонууга, мисалы, видеофайлдарды жүктөп алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул байланыш менен үн сапаты алда канча жогору, ал эми үн агымы үзгүлтүккө учурабастан, көп эсе ыкчам жеткирилет.

Мындан тышкары, VoLTE − бул оюнчулар үчүн идеалдуу чечим, анткени ал мобилдик трафикти тынымсыз жана жогорку ылдамдыкта  камсыздайт. Оюндун эң кызыктуу жерине келгенде интернет “катып калбайт”.

MEGAнын VoLTE кызматын толугу менен АКЫСЫЗ кошуп алып, заматта чалып байланышып, үндүн мыкты сапатына баа берип, жана  да жогорку ылдамдыктагы мобилдик трафикти колдонуудан ырахат алыңыз.

VoLTE кызматын колдоно баштоо үчүн, эмне кылуу керек:

  • смартфонуңузда VoLTE технологиясы иштей  тургандыгын;
  • SIM-картаңыз 4G стандартын колдой тургандыгын;
  • LTE (4G) тармагынын камтуу аймагында экендигиңизди текшерип алыңыз.
  • кызматты кошуу үчүн, *260*1# буйруусун териңиз же *260 телефонуна чалыңыз;
  • смартфонуңуздун тескөөлөрүнөн 4G жана VoLTEни активдештириңиз.

Даяр!

VoLTE кызматын кошуу нускамасын шилтемеден  көрүңүз.

MEGA – ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!  

Сунушталган кызматтар

  • SmartBook

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • «Роуминг»

    кызматы