Перейти на новый сайт
MegaPay: Электрондук патентти өз смартфонуңузда тариздеңиз, төлөңүз жана узартыңыз

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору ата мекендик ишкерлерге MegaPay тиркемеси аркылуу электрондук патентти тариздөө, төлөө жана узартуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк тартуулайт.

Патенттин негизинде ишмердүүлүк жүргүзүүчү  жеке жактар жана жеке ишкерлер документти даярдоо жана акысын төлөө боюнча бардык операцияларды өз смартфонунан 24/7 шарттамында бир нече мүнөттүн ичинде ишке ашыра алат. Демек, салык кызматына келип убактысын коротуунун кажети жок.

Электрондук патентти кантип тариздөө, төлөө же узартуу керек:

  • “Кызматтар” кошумча барагын ачып, “Электрондук патентти” тандаңыз;
  • эгерде сизде колдонуудагы  патент бар болсо, "Менин патенттерим"бөлүмчөсүн тандаңыз жана  "Узартуу" баскычын басыңыз;
  • эгерде сиз электрондук патентке биринчи жолу арыз берип жаткан болсоңуз, “Жаңы патентти” тандап, тиешелүү бардык  талаачаларды толтуруңуз;
  • “Улантуу” баскычын басыңыз, тутум төлөнүүчү сумманы автоматтык түрдө эсептейт;
  • төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр!

Таризделген патенттерди "Менин патенттерим" бөлүмчөсүнөн көрүүгө болот. Комиссия – 20 сом.

Маанилүү! Электрондук патентти ИСН Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында катталган шартта гана алууга болот.

Көңүл буруңуздар! Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-июлунан тарта Кыргызстанда патенттин негизинде соода жүргүзүү токтотула тургандыгын эскертет. Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы