Перейти на новый сайт
MegaPay'де санарип дүмүрчөктөр жеткиликтүү: Таштанды чыгаруу, жылуулук жана ысык суу үчүн төлөмдөрдү смартфонуңуздан төлөңүз

MEGA  мамлекеттик уюлдук байланыш оператору, абоненттерине ыңгайлуу болушу үчүн, MegaPay мобилдик кызматын жакшыртууну улантууда.

MegaPay колдонуучулары таштанды чыгаруу, жылытуу жана ысык суу кызматтары үчүн төлөмдөрдү экранды бир нече жолу басуу менен,  комиссиясыз жүргүзө алышат. Тиркемеде  карыздын бар же жок экендигин да билүүгө болот.

Электрондук дүмүрчөк – компаниядан колдонуучуга маалыматтарды берүүнүн ишенимдүү ыкмасы гана эмес, убакытты бир кыйла үнөмдөөнүн жолу.

Электрондук дүмүрчөк:

  • кагаз түрүндөгү документ сыяктуу эле расмий документ;
  • кадимки кагаз дүмүрчөккө  караганда эрте келет;
  • дарек ээсине так жетип, маалыматты ачыкка чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат;
  • кайда болсоңуз да, жеке эсебиңиздин абалын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Дүмүрчөктү алуу үчүн, төмөнкү иш-аракеттерди аткаруу керек:

  • «Сервистер» бөлүмүн ачыңыз;
  • «санарип дүмүрчөктү» басыңыз;
  • үйдүн же батирдин дарегин кошуңуз;
  • кызмат көрсөтүүнүн түрүн жана коммуналдык кызматты тандаңыз;
  • жеке эсепти киргизиңиз жана маалыматтарды сактаңыз.

Төлөмдөр боюнча маалымат автоматтык түрдө сакталат.

MegaPay — жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы