Перейти на новый сайт

Жомокко чөмүлүү

 

Жомокко чөмүлүү

MegaCom компаниясынын балдар үйүнө берген алгачкы белеги, кышка карата азык-түлүк менен камсыздаганы болду. Ошондо эле компания кызматкерлери балдар менен достошуп, жакшы мамиле түзүүгө үлгүрүшкөн, ал эми бул жолкусунда тарбиялануучулар аларды кучак жая тосуп алышты. Аязата жомок каармандары менен акыркы камылгасын көрүп жатканда MegaCom компаниясынын кызматкерлери майрамдык кечеге шашкан балдарды араң токтотуп турушту. Кыймылдуу Аяна, кичинекей Камила менен Нуриза коноктордун кучагында айланып-тегеренип ойноп жүрүштү.

Бул убакта балдар үйүндөгү эң кичинекей тарбиялануучу эки жашар Артур эч кимге билинбей балатынын астына келип, белек-бечкектерди аңтарып жаткан жеринен кармалып калды. «Чалгынчы» ошо замат балдардын айлампасына кошулуп, күлкүлүү маскарапоздун оюнуна алаксып кетти.

- Сыйкыр дүйнөгө баргыңар келеби? Анда, келгиле, аны чогуу чакыралы! – деген маскаропоздун чакырыгына балдар «Жо-мок! Жо-мок!» деп кыйыкыра башташты. Сыйкыр көпкө күттүрбөстөн Чокчолой баатырдын образында кирип келди. Шайыр мышык балдарды да, чоңдорду да ойнотуп, ырдатып, бийлетип, андан соң майрам эстафетасын бүгүнкү күндүн телекаарманы – Спанж-бобго берди. Бул кызыктуу каарман балдар менен балатыны айланып, күлдүрүп, кезекти легендарлуу Жөргөмүш-адамга өткөрдү. Бирок Жөргөмүш-адам да майрамды жин-шайтандан коргой албады – Аязкыздын ордуна Жезкемпир келип калды. Аягында ал да каарынан кайтып, майрамдын көркү Аязата менен Аязкыздын келүүсүнө макул болду.

Башкы сыйкырчы балдардын жылуу кабыл алуусунан кийин эрий баштаганда аны үстөлгө отургузуп, эс алырышты. Көңүлүн чөгөрбөө үчүн жеткинчектер биринен сала бири ыр айтып, Аязатанын жаңы жылдык белектерине ээ болушту. Эң кичүүлөрү ошол эле жерден белектин таттуу даамын татып, рахатка батышты. Ал эми чоңдорго MegaCom компаниясы коллективдүү белектерди – акыл-эсти өстүрүү оюндарын, үстөл үстүндөгү хоккей, футбол, дартс, бокс грушасын, кол каптарды жана көптөгөн башка нерселерди ыроолоду.

Тапшырылган белектерге жеткинчек балдар өзгөчө ыраазы болушту, анткени, спорт «Нурмээйса» борборунда чоң мааниге ээ. Аны балдар ошол эле жерден далилдешти. Брейкер балдар-кыздар Аязата менен анын компаниясын таңгалдырып ушундай акробатикалык оюндарды көрсөтүштү эле, жадагалса Жөргөмүш-адамдын да ичи тарып кетти окшойт.

Өз тарбиялануучуларынын бактылуу маанайын көрүп, борбордун директору Гүлнара Кирибаева MegaCom компаниясынын коллективине чын дилден ыраазычылыгын билдирди. Орловкадагы балдар үйү өз күчүнө таянып эч убакта балдай таттуу балалыктын бир үзүмүн тартуулаган профессионал театр актерлорун чакыра алышмак эмес.

- Биз мындай тагдыры тайкы балдарга эмне себептен жардам беребиз? – деп собол таштады MegaCom компаниясынын директору Андрей Силич. – Баары жөпжөнөкөй! Кайрымдуулук жүз пайызга биздин компаниянын дивизи менен айкалышып турат – «Өз келечегиңди танда!». Балдар – биздин келечегибиз, биз бул келечектин бактылуу, күчтүү, кайраттуу, мээримдүү болушун каалайбыз. Бул үчүн кээде жөн гана кол сунуп коюу жетиштүү.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы