Перейти на новый сайт

MegaPay аркылуу жол эрежесин бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндөгү айып пулдар тууралуу биле аласыз

Ар бир айдоочу канчалык кылдат, этият болсо да, эртеби-кечпи, атайын болбосо да, жол эрежесин бузуп алышы ыктымал. Айып пулдар  жоголуп кетиши мүмкүн болгон дүмүрчөк же “бакыт каттары” менен бирге келиши мүмкүн. Эгерде сиз өз убагында текшерип, айыптарды төлөбөсөңүз, төлөө мөөнөтүн өткөрүп жиберишиңиз мүмкүн. Бул учурда  айып пулдун суммасы көбөйөт.

Эми бул тууралуу кабатырлануунун кереги жок. Айдоочуларга ыңгайлуу болушу үчүн,  MEGA мамлекеттик компаниясы MegaPay  мобилдик тиркемесинде  жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдарды (колго жазылган) текшерүү кызматын ишке киргизди.

Кантип колдонууга болот:

  • MegaPay тиркемесин жаңылаңыз ( App Store жана Google Play аркылуу жеткиликтүү);
  • «Кызматтар» бөлүмүнө, андан кийин «Айып пулдарды текшерүү» бөлүмүнө кириңиз;
  • «Административдик айып пулдар» бөлүмүнө өтүңүз.

Даяр!

Эгерде айып пул бар болгон болсо, тиркемеде эле төлөсө болот.

Эскерте кетсек,  MegaPay  мобилдик тиркемесинде «Коопсуз шаар» долбоорунун видеокамераларында катталган жол эрежесин бузуулар үчүн айып пулдарды текшерүү жана төлөө мүмкүнчүлүгү да бар.

MegaPay – бул  жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

 

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы