Перейти на новый сайт

Нурлан Мамытов − MEGA компаниясынын кирешелүүлүгү, түйүндүн өнүгүшү жана мамлекеттик компанияны кошумча капиталдаштыруу тууралуу

Нурлан Мамытов − MEGA компаниясынын кирешелүүлүгү, түйүндүн өнүгүшү жана мамлекеттик компанияны кошумча капиталдаштыруу тууралуу

Март айынын экинчи жарымында 100% акциясы мамлекетке таандык болгон MEGA уюлдук байланыш операторунун башкы кеңсесинде «Альфа Телеком» ЖАКтын акционерлеринин жылдык жыйыны өткөрүлдү. Жыйында ишкананын жетекчилиги 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2023-жылга карата компанияны өнүктүрүү боюнча пландарды белгиледи. Компаниянын башкы директору Нурлан Мамытовдун уюлдук оператордун отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрү жана жетишкендиктери жөнүндөгү маегине назарыңыздарды бурабыз.

– Нурлан Токтобекович, MEGA компаниясы 2022-жылда кандай ийгиликтерге жетише алды?

– Өткөн жыл ичинде компания ишенимдүү өсүштү көрсөтө алды. MEGA максаттуу көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткарууга жетишүү менен, коюлган пландарды мөөнөтүнөн мурда аткарды. Тактап айтканда, түйүндү оптимизациялоо жана өнүктүрүү боюнча тынымсыз иш алып баруунун натыйжасында 200дөн ашык базалык станциялар ишке киргизилди. Мындан тышкары, отчёттук мөөнөт ичинде MEGA киреше боюнча планды 300 миллион сомго ашык аткарды. Анын жыйынтыгында 2022-жылы таза консолидацияланган киреше 6 пайызга өстү жана анын көлөмү 1,596 миллиард сомду түзүп, мамлекеттик бюджетке төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы 2,5 миллиард сомдон ашты.

– Акционерлер компаниянын ишинин жыйынтыктарына кандай баа беришти?

– 16-мартта жалпы жыйындын жүрүшүндө MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун жалгыз акционери болуп эсептелген, «Альфа Телеком» ЖАКтын 100% акциясы таандык болгон Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине компаниянын 2022-жылдагы негизги өндүрүштүк жана финансылык ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктары, отчёттук мөөнөт аралыгындагы бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат бердик.

Акционерлер көз карандысыз аудитордун корутундусу менен таанышып, 2022-жылы түшкөн таза пайданын көрсөткүчүнүн 2021-жылга салыштырмалуу жогору болгондугу белгиленип, бөлүштүрүү маселеси каралды. Салтка айлангандай эле, түшкөн кирешенин бир бөлүгү республикалык бюджеттин эсебине которулат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү тарабынан 2023-жылга карата кирешелер, чыгашалар жана капиталдык салымдардын бюджети, алгачкы жолу «Альфа Телеком» ЖАКтын Корпоративдик башкаруу кодексин бекитилип, жана да компаниянын Уставына өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилди.

Жыйындын күн тартибине киргизилген негизги маселелердин бири – MEGA компаниясынын уставдык капиталын 8,7 миллиард сомго көбөйтүү маселеси да каралып, натыйжада акционер бул демилгени колдоду. Мындан тышкары, акционер тарабынан түйүндү интенсивдүү өнүктүрүү стратегиясы жана компаниянын дивиденддерге байланыштуу жүргүзүп жаткан саясаты жактырылып, MEGA’нын базалык станцияларды курууну кошумча каржылоо демилгеси да колдоого алынды жана Кыргызстандын алыскы аймактарына басым жасала турган болду. Өлкө боюнча байланыштын сапаты канчалык жогору болсо, ошончолук көп абонент биздин компаниянын кызматын пайдаланууну каалайт. 2022-жылы бул мыйзам ченемдүүлүк далилденди.

– MEGA компаниясынын жамаатынын алдында 2023-жылга карата кандай милдеттер коюлган?

– Бүгүнкү күндө MEGA – бул ишенимдүү, туруктуу иш алып барган жана тездик менен өнүгүп жаткан, республиканын 99 пайыз аймагындагы калкты мобилдик байланыш менен камсыздаган байланыш оператору. Жакынкы келечекте компаниянын чыныгы потенциалын толук кандуу ачып көрсөтөбүз жана рыноктогу өзүбүздүн адилеттүү үлүшүбүздү кайрып алабыз деп ишенем.

Үстүбүздөгү жылы 2022-жылдагы кирешеден 15 пайызга жогору болгон көрсөткүчкө жетүү милдети турат. Албетте, бул максат абдан амбициялуу, бирок, менин оюмча, ага жетүүгө болот. Жогоруда белгилегендей, 2023-жылы республиканын бардык аймагы боюнча 200дөн кем болбогон базалык станцияны ишке киргизүү үчүн, түйүндү динамикалуу өнүктүрүүнү улантабыз.

MEGA ишенимдүүлүктү, сапатты жана туруктуулукту көрсөтө алган, Кыргызстандагы эң алдыңкы оператор боло алат жана болушу керек. Муну менен катар эле, мен MEGA’ны кардарларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай турган оператор деп билем. Жаңы тарифтик пландарды жана ыңгайлуу санариптик сервистерди иштеп чыгуу, телеком-инфраструктураларды модернизациялоо, калк үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, тейлөөнүн жогорку сапатын камсыздоо, дистрибуция түйүнүн кеңейтүү, жаңы Тейлөө жана сатуу борборлорун ачуу – мына ушулардын бардыгы компаниянын 2023-жылы алдыга койгон максаттары.

Каржылык-техникалык кызматтар рыногунда алдыңкы сапка чыгуу жана кеңири белгилүү болгон Kaspi сервисинин Кыргызстандагы аналогу болуу үчүн, MEGA Pay тиркемесин активдүү өнүктүрүүнү уланта бермекчибиз. Бүгүнкү күндө MEGA Pay электрондук капчыгынын колдонуучуларына дээрлик 900дөй кызмат жана сервистер жеткиликтүү, 2023-жылдын соңуна чейин бул көрсөткүчтү 1600гө жеткирүүгө аракет кылабыз. Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасындагы байланыш операторлорунун ичинен биринчи болуп 2022-жылдын күз мезгилинде тиркемеде MegaBlack санариптик виртуалдык картасын ишке киргиздик. Анын жардамы менен интернет аркылуу жазылууга, жана да сатып алуулар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. Тиркеменин ыңгайлуугунун жана көп функционалдуулугунун негизинде MEGA Pay колдонуучуларынын санынын ай сайын орто эсеп менен 8 пайызга өсүү көрсөткүчү камсыздалды.

2023- жылы Евразия Сактык Банкы, «Кыргызтелеком» ААК жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен биргелешип иш алып барууну пландап жатабыз. Мындай кадам MEGA компаниясынын атаандаштык артыкчылыктарын жогорулатууга өбөлгө түзмөкчү. Бул пландарды ишке ашыруу максатында «Альфа Телеком» ЖАК Евразия Сактык Банкынын акционери болду, келечекте компаниянын банктагы үлүшүн 20 пайызга жеткирүү ниетибиз бар.

Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүп жатат, ошондуктан кардарлардын мүдөөлөрүнө төп келүү зарыл. MEGA компаниясы глобалдуу кызматтардын, сервистердин борборлоштурулган жана ийгиликтүү платформасы боло тургандыгына ишенем.

Компания кайсы принциптердин негизинде иш алып барат?

– Компанияда Корпоративдик башкаруу кодекси иштелип чыкты жана жакында кабыл алды, ал компаниянын максаттарына жана ишмердүүлүгүнө шайкеш келген корпоративдик башкаруунун негизги принциптерин, ошондой эле акционерлердин, башкаруу органдарынын, кызмат адамдарынын, оператордун кызматкерлеринин жана башка кызыкдар тараптардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу негизги эрежелерди аныктайт.

Кодекс акционерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоонун, чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгынын, MEGA'нын кызматкерлеринин жана кызмат адамдарынын кесиптик жана этикалык жоопкерчилигинин компания тарабынан камсыз болушуна, маалыматтык ачык-айкындыкты кеңейтүүгө, ишкердик жана кесиптик этика системасын өнүктүрүүгө багытталган.

Компаниянын корпоративдик башкаруусунун милдети – MEGA'нын натыйжалуу ишмердүүлүгүн жана ар түрдүү тараптардын кызыкчылыктарын максималдуу канааттандырууну камсыз кылууга багытталган корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын ортосунда укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүүнүн оптималдуу балансын табуу.

Сунушталган кызматтар

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы