Перейти на новый сайт

MEGA компаниясы «Кыргыз кереметине» арналган корпоративдик календарын даярдады

MEGA компаниясы «кыргыз кереметине» арналган корпоративдик календарын даярдады

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2023-жылды утурлай, өнөктөштөрүнө өзгөчө белек – «Кыргыз керемети» аталышындагы заманбап корпоративдик календарын даярдады. «Улут кенчи» сериясынын кезектеги календары кыргыз кинематографиясынын тарыхынын эң маанилүү барактарын камтыган.

MEGA’нын фирмалык стилинде жасалган календарда XX кылымдын 60-70-жылдарында кыргыз киносун дүйнө жүзүнө таанымал кылган атактуу инсандар тууралуу уникалдуу иллюстрациялык галереялар чагылдырылган.

«Кыргыз керемети» бүт дүйнө сүйүп көргөн легендарлуу 10 кинотасманын алтын коллекциясынан турат. Алар: «Аптап», «Тайгак кечүү», «Биринчи мугалим», «Бакайдын жайыты», «Саманчынын жолу», «Караш-Караш окуясы», «Буктурма», «Ак кеме», «Кызыл алма», «Аялдарсыз эркектер». Бул кинотасмалар – кыргыз маданиятынын тарыхында кызыл сызык менен өтүп турган, классикага айланган көөнөрбөс мурас. Жогоруда аталган тасмалардын басымдуу бөлүгү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылганын баса белгилей кетүү керек.

12 беттен турган корпоративдик календарь «Кыргыз кереметин» түзүүчүлөргө – кинорежиссёрлор: Төлөмүш Океевге, Геннадий Базаровго, Болотбек Шамшиевге, Мелис Убукеевге, Альгимантас Видугириске, атактуу актёрлор: Сүймөнкул Чокморовго, Муратбек Рыскуловго, Советбек Жумадыловго, Болот Бейшеналиевге, актрисалар: Таттыбүбү Турсунбаевага, Бакен Кыдыкеевага, Сабира Күмүшалиевага арналган.

«Альфа Телеком» ЖАК 2023-жылга карата «Кыргыз керемети» корпоративдик календарын даярдоодо көрсөткөн профессионалдык көмөгү жана сунуштаган материалдары үчүн Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясына, директору Бекболотов Акжолтойго, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССР кинематографиясынын отличниги, сүрөтчү-фотограф Федоров Александрга ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, MEGA компаниясы корпоративдик календарларды даярдоодо көп улуттуу Кыргызстандын салт-санаасын, улуттук баалуулуктарын эске алуу менен, маданият тармагын колдоого багытталган идеяларды чагылдырууну салтка айландырган.

MEGA – мыктыны тандоо

Сунушталган кызматтар

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы