Перейти на новый сайт
Бир эле жолу басуу менен! MegaBlack картасы менен Google Pay аркылуу төлөм жүргүзүңүз

Бир эле жолу басуу менен! MegaBlack картасы менен Google Pay аркылуу төлөм жүргүзүңүз

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору MegaBlack виртуалдык картасынын колдонуучуларына товар жана кызматтар үчүн эми Google Pay сервиси аркылуу төлөм жүргүзүү жеткиликтүү экендигин кубануу менен маалымдайт.

Мындан ары кафеде, дүкөндө, оюн-зоок борборлорунда, транспортто айтор, контактсыз төлөм жүргүзүү мүмкүн болгон жерлерде смартфон же смарт-сааттарды (Garmin) POS-терминалга тийгизүү менен эле транзакцияларды ишке ашырууга болот. Мында акча каражатын же кадимки карталарды жаныңызга алып жүрүүнүн зарылчылыгы жок, товар жана кызматтар үчүн гаджеттер аркылуу эле төлөм жүргүзүңүз.

Google Pay аркылуу MegaBlack картасы менен төлөм жүргүзүү кимдерге жеткиликтүү?

Google Pay сервиси аркылуу төлөм жүргүзүү NFC-модулун колдогон Android базасындагы түзмөктөрдүн (Google сервисин колдобогон Huawei смартфондорунан башка) ээси болгон Visa MegaBlack картасынын колдонуучуларына (MegaPay виртуалдык картасын кантип ачса болору тууралуу шилтеме аркылуу окуңуз) жеткиликтүү. Бул үчүн төлөм картасын Google-аккаунтка байлаш керек.

MegaBlack картасын Google Pay’ге кантип байласа болот?

  • Google Play’ден Google Wallet тиркемесин көчүрүп алыңыз;
  • экрандын төмөн жагындагы «Капчыкка кошуу» баскычын басып, «Төлөм картасын» тандаңыз же тиркемеге кирип жатканда «Картаны кошууну» басыңыз;
  • «Жаңы насыя картасы же дебеттик карта» баракчасын ачыңыз;
  • картаңыздын маалыматтарын жазыңыз жана «Колдонуу шарттарын» кабыл алыңыз;
  • кошулган картаны тастыктаңыз.

Даяр! Сатып алуулар үчүн Google Pay аркылуу MegaBlack картасы менен тез жана таптакыр коопсуз төлөм жүргүз. Эске салсак, GPay аркылуу төлөм жүргүзгөн учурда картанын маалыматтары сакталат жана башка түзмөктөргө өткөрүүдөн корголот.

MegaBlack – пайдалуу, ыңгайлуу, коопсуз!

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы