Перейти на новый сайт

Мега-мүмкүнчүлүктөрдүн технологиясы! 5G стандарты кыргызстандыктардын жашоосун кантип өзгөртө алат?

Мега-мүмкүнчүлүктөрдүн технологиясы! 5G стандарты кыргызстандыктардын жашоосун кантип өзгөртө алат?

Республкага 5G стандартын киргизүүгө аз убакыт калды! 3-августта MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Бишкек шаарынын аймагында биринчи жолу 5G түйүнүнүн иштөөсүн сындан өткөрдү. Анда маалыматтарды жүктөөнүн ылдамдыгы секундасына 1,8 Гигабитке чейин жетип, жогорку натыйжа көрсөттү.

Жакын арада MegaCom компаниясы абоненттерге жогорку ылдамдыктагы интернетти жана жогорку деңгээлдеги үн кызматтарын тартуу кылууга даяр болот. А азырынча сиздерге мега-мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө чөмүлүп, Кыргызстанда 5G стандартын көтөрө алган гаджеттердин бактылуу ээлери кандай өзгөрүүлөрдү сезерин билүүңүздөрдү сунуштайбыз.

4GLTE МЕНЕН САЛЫШТЫРГАНДА 5G КАНДАЙ АРТЫКЧЫЛЫКТАРГА ЭЭ?

Ылдамдык: 5G бир топ көп маалыматтарды өткөрүүгө жөндөмдүү. Кыргыз Республикасында бул технологияны киргизгенден кийин FullHD форматындагы сүйүктүү тасмаларды жүктөөгө мурдагыдай бир нече мүнөттөр эмес, саналуу секунддар гана кетет. Сигналдын ыкчам өткөргүчтөрүнүн натыйжасында 5G түйүнүндө маалыматтарды бөлүшүү минималдуу кармалуулар менен (1-2 милисекунда), 4GLTE'ге караганда орто эсепте 10-20 эсеге тез жүрөт.

Ишенимдүү байланыш: 5G'нын ультразаманбап инфраструктурасын түзүү жабдыктын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттырып, түйүнгө күч келүүнү төмөндөтөт. Муну менен абоненттерди коммуникациянын мурдагыдан да ишенимдүү жана ыкчам технология менен камсыздайт.

Каптоо аймагы: 5G радиотолкундардын кеңейтилген диапазонунун эсебинен бир эле убакта көп сандаган түзмөктөрдү тейлей алат. Анын натыйжасында, аныкталган радиустагы технологиянын артыкчылыктарын мурдагыга караганда бир топ көп абонент сезет.

Энергоэффективдүүлүк: 5G түйүнүн колдогон гаджеттер энергияны аз сарптайт. Себеби, бешинчи муундагы байланыш технологиясы абонент уюлдук байланыш кызматын колдонбогон учурда энергияны аз сарптоо режимине бат өтөт. Тактап айтканда, батареянын ошол эле кубаты менен 5G түйүнүнүн түзмөгүн пайдаланууда гаджеттин автономиясы жогорулайт.

5G БИЗДИН ЖАШООБУЗДУ КАНТИП ӨЗГӨРТӨ АЛАТ?

Бешинчи муундагы байланыш стандарты Кыргызстандын экономикалык жана күнүмдүк турмуштагы тармактарда санариптик трансформацияны ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ал багыттардын айрымдарын атасак:

Саламаттыкты сактоо: 5G телемедицинанын жаңы деңгээлге чыгуусуна өбөлгө түзөт. Адам өмүрүндөгү эң маанилүү көрсөткүчтөр (дем алуу, жүрөктүн согушу, дене табы ж.б.у.с.) боюнча маалыматтардын өтө тез ылдамдыкта жеткирилиши бейтаптын абалына күнү-түнү аралыктан мониторинг жүргүзүп турууну бир кыйла жакшыртат.

  • аралыктан шашылыш жардамды көрсөтүүнү жакшыртуу;
  • манипуляторлорду колдонуу менен роботтолгон хирургияны жайылтуу;
  • ооруну бат аныктоо (медициналык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы, медкарталар ж.б.) үчүн маалыматтарды дароо жөнөтүү;
  • виртуалдык чөйрөдө практикалык процедураларды аткаруу менен 5G түйүнүн көтөр алган AR/VR гарнитураларын колдонуп медицина адистерин онлайн даярдоо.

Транспорт: жаңы муундагы өткөргүчсүз түйүн мамлекетти айдоочусуз транспортторду өнүктүрүүсүнө шыктандырат. 5G'нын ишке кирүүсүнүн натыйжасында автономдук унаа транспорттук агымды жөндөгөн жол кыймылынын катышуучулары жана инфраструктура менен тыгыз иштейт. Анын ишинин жыйынтыгы жол кырсыктарынын статистикасына түз таасир берип, кырсыктар жана анын курмандыктарынын саны кескин азаят. Мындан тышкары бешинчи муундагы технология коомдук транспортту оптималдаштырып, атайын унааларды (медициналык тез жардам кызматынын, ӨКМ, ИИМ жана башка түзүмдөрдүн) колдонууда аларды артыкчылык менен камсыздайт.

Өнөр жай: 4G'га салыштырмалуу бешинчи муундагы стандарт тиркемелер жана бири-бири менен байланышкан жабдыктарды шарттоо менен өнөр жай "интернет буюмдарына" (Industrial 5G) көбүрөөк багытталган. Өз ара кызматташуунун мындай форматында чексиз сандагы тиркемелер бар, буга байланыштуу Industrial 5G кен казуу, логистика, өнөр жай, турмуш тиричилик коопсуздугу жана башка көптөгөн тармактарда интеграцияланышы мүмкүн.

Негизинен, 5G колдонулган "акылдуу" түзмөктөр коопсуз жана эффективдүү кен казуу иштерин аралыктан башкарууга, ири соода жана инфраструктура объектерин логистикалык чынжырчага автоматташтырууга (мисалы - аэропорттогу жүктү көзөмөлдөө же кампадагы товарларды түшүрүү) таасир этип, авариялык системалардын иштешин жана өндүрүштөгү кызматтарды модернизациялайт.

Акылдуу шаар: Кыргызстандыктар бүгүнкү күндө автоматташтырылган эсептегичтер, видеобайкоо камералары, өрткө каршы система, жарыктандыруу каражаттары, сигнализация жана башка түзмөктөрдү активдүү колдонуп жатышат. Тездик менен саны өсүп жаткан акылдуу түзмөктөрдү тейлөөдөгү оор жүктү дал ушул 5G түйүнү өзүнө алат. Турак-жай коммуналдык чарба объектилеринин, ири соода түйүндөрү жана ишканалардын абалына көзөмөлдөө, калктуу пункттарды иретке келтирүү, "акылдуу жарыктандыруу" сенсорлору аркылуу электр энергиясын үнөмдөө - бешинчи муундагы байланыш технологиясы бир топ маселелерди чечүүгө шарт түзөт. Сингапурда 5G түйүнүн ишке киргизүү менен көчө фонарларын жана абанын тазалыгына көзөмөл жүргүзгөн, унаа токтотуучу жайлардын бар же жоктугун көзөмөл кылган, таштандыны топтоого жооп берген датчиктерди колдоно башташты. Ыңгайлуу, туурабы?!

***

Бүгүнкү күндө Кыргызстан – 5G суперзаманбап инфраструктурасын түзүү жолунда. Глобалдуу максатка карай биринчи кадам – MegaCom'дун кеңсесинде технологиянын тест-драйв сынагы жасалды. Экинчи кадам – Бишкектин борборунда ар бир кыргызстандыкка MegaCom'дон 5G түйүнүнүн жогорку ылдамдыктагы интернетин жана анын башка артыкчылыктарын сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү!

Кызыгып калдыңызбы? Анда биздин социалдык тармактардагы Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram каналдарыбызга катталып, актуалдуу маалыматтар менен биринчилерден болуп кабардар болуңуз!

Сунушталган кызматтар

  • «ЗОЖ»

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы