Перейти на новый сайт
Ар дайым байланышта! Медиа-коомчулуктун өкүлдөрү MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты

Ар дайым байланышта! Медиа-коомчулуктун өкүлдөрү MegaCom компаниясынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты

«Медиашерине» долбоорунун алкагында шейшембиде, 31-май күнү, MegaCom мамлекеттик улуттук байланыш операторунун башкы кеңсесинде Компаниянын топ-менеджменти медиа-биримдиктин өкүлдөрү − мамлекеттик компаниялардын маалымат катчылары, өлкөбүздүн министрликтеринин, ведомстволорунун кызматкерлери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери менен жолугушуу өткөрдү.

Баса белгилей кетсек, «Медиашарине» долбоору – бул мамлекеттик органдардын жана ири мамлекеттик компаниялардын басма сөз кызматтарынын ортосунда тажрыйба алмашууну өбөлгөлөөчү, жана да басма сөз катчыларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча алгылыктуу кадамдарды иштеп чыгуу, талдоо жүргүзүү максатында өткөрүлүүчү пресс-тур.

Маектешүү расмий эмес жагдайда өткөрүлүп, келген меймандар MegaCom операторунун жалпы ишмердүүлүгү, анын ичинде абоненттердин мүдөөлөрүнө төп келген актуалдуу тарифтер, санариптик кызматтар, долбоорлор тууралуу өздөрүн кызыктырган суроолоруна жооп алып жатышты.

«Суроо – жооп» форматындагы сүйлөшүүлөрдөн соң, «Альфа Телеком» ЖАКтын негизги бөлүмдөрүнө экскурсия жасалып, иш-чаранын катышуучулары 3 миллиондон ашык абонентти сапаттуу, жеткиликтүү байланыш менен камсыздаган стратегиялык ири ишкананын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып чыгышты. Чогулгандар MegaCom'дун IT-мектебинин, техникалык дирекциясынын, ошондой эле компаниянын Байланыш борборунун ишине өзгөчө кызыгуу артышты.

Эске сала кетсек, MegaCom уюлдук байланыш оператору («Альфа Телеком» ЖАК) − 100% үлүшү мамлекетке тиешелүү болгон, мекенибиздин телекоммуникация тармагында көч башында келе жаткан компаниялардын бири. MegaCom Кыргыз Республикасындагы эң ири салык төлөөчү жана тармактын жыштык диапазонунун сыйымдуулугу боюнча өлкөдөгү №1 уюлдук компания болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы