MegaCom маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелинде кабыл алынган №193 «Көзөмөл-кассалык машиналарды жайылтуу чаралары жөнүндөгү» токтомунун талаптарын аткаруу, ошондой эле «MegaKassa» программалык ККМди техникалык жаңы талаптарга шайкеш келтирүүгө жеткирүү максатында 2022-жылдын 1-майынан баштап MegaCom’дун Сатуу жана тейлөө борборлорунда, аймактык бөлүмдөрүндө салык төлөөчүлөрдүн келишим түзүүсү убактылуу токтотулганын маалымдайт.
«MegaKassa» программалык ККМге 2022-жылдын 1-майына чейин кошулгандар штаттык режимде тейленет. Мамлекеттик салык кызматынын жаңы талаптарына ылайыкталган ККМди каттоонун иши кайрадан жанданганда бул тууралуу маалымдалат.