MegaCom маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) 24.02.2022-ж. баштап, «Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик пландарынын төмөндөгү топтомдоруна жаңы абоненттердин кошулуусу жана бардык абоненттердин өтүүсү токтотуларын маалымдайт:
- «Интернет» тарифтик планынын түркүмдөрүнүн 7 күндүк топтомдору: «Интернет 7 Эконом», «Интернет 7 Мах», «Интернет 7 Чектөөсүз»;
- «Интернет» тарифтик планынын түркүмдөрүнүн 28 күндүк топтомдору: «Интернет Эконом», «Интернет Стандарт», «Интернет Чектөөсүз» жана «Бардыгы Чектөөсүз»;
- «Чалуулар» тарифтик планынын түркүмдөрүнүн 28 күндүк топтомдору: «Чалуулар Мах» топтому.
Аталган тарифтерди 24.02.2022-ж. чейин кошуп алган абоненттер тарифти өз алдынча өчүргөнгө чейин же компаниянын башка иштеп жаткан тарифтеринин бирине өткөнгө чейин кызмат жеткиликтүү болмокчу. Көрсөтүлгөн тарифтердин калган бардык шарттары өзгөрүүсүз калтырылат.