Перейти на новый сайт

MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

Урматтуу абоненттер!

2021-жылдын 13-декабрында, өнөктөштөрдүн түйүнүндөгү оптикалык кабель үзүлүп, натыйжада магистралдык линияда авариялык абал орун алган. Мындан улам, MegaCom'дун Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган айрым абоненттеринде мобилдик байланыш жана интернет убактылуу үзгүлтүккө учурады.

«Альфа Телеком» ЖАКтын адистери чукул мөөнөттүн ичинде авариянын келип чыгуу себептерин аныктап, түйүндүн иштөөсүн калыбына келтиришти.

MegaCom компаниясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана көрсөтүлгөн облустардагы абоненттерге бонус иретинде 2ГБ көлөмүндө акысыз интернет берет.

Топтомду *2044# USSD-буйруусун терип кошуп алса болот. Буйрууну тергенден кийин бонустун активдүү кошулгандыгы тууралуу SMS билдирүүнүн келүүсү шарт.

Топтомдун жеткиликтүү мөөнөтү кошуп алган күндөн тартып 7 күн. Ал эми кошуп алуу мөөнөтү 2021-жылдын 20-декабрына чейин.

Топтомдун калдыгын *505# буйруусу аркылуу текшере аласыздар.

Абалды түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биз менен болгонуңуздарга ыракмат!

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы