Перейти на новый сайт
MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин акысыз байланыш менен камсыздайт

MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин акысыз байланыш менен камсыздайт

MegaCom Баткен облусундагы абоненттеринин бардыгын уюлдук байланыш жана интернет менен убактылуу акысыз камсыздандырат. Бул кыргыз-тажик чек арасында орун алган конфликтти жөнгө салуу учурундагы зарыл кадам.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда аталган аймактагы мекендештерибиз дайыма байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү экендигин түшүнөбүз.

Буга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан абоненттерди, ошондой эле Баткен облусундагы чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш алып барып жаткан мамлекеттик мекемелердин жана кызматтардын өкүлдөрү чалууларды аткаруулары үчүн акысыз топтом*, ошондой эле интернет-трафик менен камсыздоо чечими кабыл алынды.

*Топтомдун шарттарына ылайык, абоненттерге түйүн ичинде чектөөсүз чалуулар, түйүндөн тышкары 1 мүнөт, жогорку ылдамдыктагы 1 ГБ Интернет, түйүн ичинде 50 SMS жана түйүндөн тышкары 1 SMS берилет.

Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • «GoodOk»

    кызматы

    icon
  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы