MegaCom мобилдик байланыш оператору Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт!
Нооруз – айлананы ажайып кооздукка, жан дүйнөбүздү аруу сезимдерге бөлөгөн, мекенди сүйүүгө, тарыхый баалуулуктарды даңазалоого үндөгөн өзгөчө майрам.
Ар бир үйдө дасторкон жайылып, аруу тилектер айтылып, кастарлап тамак-аш жасалат.
Нооруз жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкерлик алып келсин. Өлкөбүз өнүгүп, ар бир үйдө молчулук, бейпилдик өкүм сүрүп, бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырып турсун!
Урматтоо менен, «Альфа Телеком» ЖАКтын жамааты.