Перейти на новый сайт

MegaCom жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту

MegaCom жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2020-жылдын 2-декабрында, MegaCom компаниясынын башкы кеңсесинде "Альфа Телеком" ЖАКтын (соода белгиси MegaCom) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда электрондук медицина долбоорлорунун алкагында кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду.

Кыргызстанда электрондук медицинаны өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу курсун тастыктап, MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте, MEGA24 тиркемесиндеги смартфон аркылуу реалдуу убакыт режиминде дарыгерге жазылууга мүмкүнчүлүк берген "Онлайн-жазылуу" инновациялык кызматын сунуштады.

“Коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө багытталган заманбап жогорку технологиялык чечимдерди ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын көрсөттү. MegaCom компаниясы социалдык жоопкерчиликтүү мекеме катары демилгелердин ишке ашырылуусун колдоого ар дайым даяр. Санариптик технологияны жана электрондук медицинаны өнүктүрүү тармагындагы социалдык маанилүү долбоорлорду бирге ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын калкына иш жүзүндө пайдалуу болуусу өтө маанилүү", − деп белгиледи "Альфа Телеком" ЖАКтын коммерциялык директору Бакытбек Өмүракунов.

КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен MegaCom компаниясы тарабынан "Онлайн-жазылуу" кызматынын ишке киргизилиши – электрондук медицина кызматындагы маанилүү баскычтардын бири. Эми MegaCom'дун абоненттери болуп саналган бейтаптарга дарыгерлердин кабыл алуусуна кезекке туруп убакыт коротуунун зарылчылыгы болбойт. Мамлекеттик бейтапканалардагы өзүнүн дарыгерине жазылуу үчүн бир нече жөнөкөй кадамдарды аткаруу жетиштүү:

  • MEGA24 тиркемесин жүктөп алуу же ага кирүү  (Google Play жана App Store'дон жүктөп алуу жеткиликтүү);
  • "Портал" бөлүмүнө өтүү жана "Дарыгерге жазылуу" баннерин басуу;
  • андан кийин СИН (ИНН) жана телефон номерин киргизүү үчүн форма ачылат;
  • кабыл ала турган тиешелүү дарыгерди тандоо;
  • ыңгайлуу датаны жана убакытты тандап, "Жазылуу" баскычын басуу.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиевдин айтымында, 2020-жылдын аягына чейин 1,5 миллиондон ашык адам аталган кызматтын жардамы менен медициналык адистердин кабыл алуусуна жазылган жана алардын басымдуу көпчүлүгү − Кыргызстандын ири шаарларынын тургундары.

"Онлайн-жазылуу" кызматы саламаттыкты сактоо мекемелеринин имараттарынын ичинде көпкө кармалган учурда ар кандай жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун төмөндөтүүгө багытталып, Кыргызстандын медицина кызматкерлери үчүн ишенимдүү мобилдик жардамчы болууну көздөйт.

Сунушталган кызматтар

  • «Абадагы байланыш»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы