Перейти на новый сайт

MegaCom “Мобилдик клиникасынан” текшерүүдөн өт

MegaCom “Мобилдик клиникасынан” текшерүүдөн өт

MegaCom компаниясы көп кырдуу Medcenter.kg медициналык борбору менен бирге жана жергиликтүү администрациянын колдоосу менен “Мобилдик клиникасы” акциясын ишке киргизет.

Биз MegaCom’дун алыскы калктуу пункттарында жашаган абоненттерине медициналык кызматкерлердин кыдырма бригадасынын текшерүүсүнөн бекер өтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Бригаданын курамына кирген дарыгерлер:

  • хирург (+УЗИ);
  • терапевт;
  • гинеколог (лаборатория + УЗИ)
  • ЛОР (кулак-мурун дарыгери);
  • невропатолог.

Текшерүү кезекке туруу жана MEGA24 тиркемеси аркылуу жазылуу тартиби менен жүрөт. Бул үчүн:

  • MEGA24 тиркемесин Google Play же App Store’дон жүктөп алуу же жаңылоо;
  • «Портал» бөлүмүнө кирүү;
  • «Мобилдик клиникасы» тандоо.

MegaCom’дун абоненти тиешелүү адистиктеги дарыгерди жана кабыл алуу убактысын тандай алат. Бейтаптарды кабыл алуу саат 09:00дөн 17:00гө чейин жүрөт, түштөнүү убактысы (13:00-14:00). Акция жүргүзүлүүчү аймактардын тизмеси MEGA24 тиркемесинде көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары кошумча маалымат алуу үчүн жана катталуу мөөнөтүн тактоо үчүн *5533 кыска номери кызматта.

“Социалдык жоопкерчилик - MegaCom үчүн жөн эле сөз эмес. Азыркы учурда өлкө жөнөкөй эмес кырдаалды башынан өткөрүп жатат. Дарыгерлердин көбү ооруп, ал тургай каза болуп калып жаткан чакта квалификациялуу медициналык тейлөөгө ээ болууга мүмкүнчүлүгү жокторго жардам берүү - маанилүү, - деп белгиледи "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов. - Бригада курамына заманбап, портативдик жабдыктарда иштей алган, көп жылдык тажрыйбасы бар адистер кирди. "Мобилдүү клиника" акциясынын алкагында биз айыл жергесинин жашоочуларына жардам көрсөтүүнү чечтик. Анткени дал ушул алыскы аймактарда жашагандар күчтүү, ар бир кырдаалдарда жардам берүүгө даяр, зарыл болгон дарылоо ыкмасын кабыл алган дарыгерлердин кеңештерине муктаж”.

MegaCom бизнес коомчулугун COVID-19 пандемиясы учурунда медициналык мекемелердин ишине активдүү көмөк көрсөтүү менен Кыргызстандыктарга жардам берүүгө чакырат.

Сунушталган кызматтар

  • «Чалууларды жана SMSтерди чектөө»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы