Перейти на новый сайт

MegaCom: MegaPay аркылуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн каражат топтоого болот

MegaCom: MegaPay аркылуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн каражат топтоого болот

Өлкөбүздө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кечиктирилгис чараларды көрүү үчүн кошумча каражаттарды тартуу зарыл. Мындай кадамдын маанилүүлүгүн баамдаган MegaCom компаниясы мекендештерине колдоо көрсөтүүнү каалаган абоненттери үчүн ыңгайлуу жолду сунуштайт. Эми COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө ыктыярдуу салым кошууга каражат топтоону MegaPay тиркемеси аркылуу ишке ашырууга болот.

MegaCom абоненттери тарабынан чогултулуп жаткан каражаттар Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган фондунун эсебинде топтолот.

Кайрымдуулук жардам үчүн төлөмдү кантип которууга болот?

  • MegaPay тиркемесин (Google Play жана App Store аркылуу жеткиликтүү) жүктөп алыңыз;
  • Авторизиялоодон өтүңүз;
  • «Маанилүү» бөлүмүнө өтүңүз;
  • Милдеттүү талаачаларды толтуруңуз: Аты-жөнү, СИН(ИНН), төлөмдун суммасы;
  • Маалыматтарды тактаңыз жана төлөмдү тастыктаңыз.

Акча каражатын которуунун статусун help.covid.kg көзөмөлдөп турсаңыз болот.

Өкүм сүрүп турган бүгункү абал, албетте, жашообузга, өлкөбүздүн экономикасына өз таасирин тийгизбей койбойт. Оор жагдайда четте карап турбастан, мамлекетибизге жана мекендештерибизге колдон келген жардамыбызды көрсөтө алабыз, келечек биздин колубузда!

Курч эпидемиологиялык коркунуч шартында мамлекетке жана республиканын калкына колдоо көрсөтүү боюнча MegaCom компаниясы тарабынан көрүлүп чаралар тууралуу маалымат менен шилтемеси  аркылуу таанышсаңыз болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Досумдун эсебинен чалуу»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы