Перейти на новый сайт
MegaCom терминалдары: балансты комиссиясыз толукта!

MegaCom терминалдары: балансты комиссиясыз толукта!

Бүгүнкү күндө MegaCom компаниясынын төлөм терминалдары кеңири колдонулуп келет. Коммуналдык кызматтар, интернет, домофондорду тейлөө, балдар бакчалары, соттолбогондук тууралуу маалымдама алуу, жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдарды төлөө сыяктуу 300дөн ашык кызматтар үчүн акы төлөөнү, жана да  MegaPay  мобилдик капчыгын, MegaCom байланыш кызматтары үчүн мобилдик телефондун балансын комиссиясыз толуктоону тиркеменин жардамы менен ишке ашырууга болот.

Кезекке турбастан, каалаган учурда жана ылдам төлөм жүргүзүү үчүн:

  •    Керектүү бөлүмдү тандоо;
  •    Зарыл болгон кызматты таап, реквизиттерди киргизүү;
  •    Акча кабыл алгычка акчаны киргизип, төлөмдү тастыктоо.
  •    Төлөмдү тастыктаган дүмүрчөктү алуу;
  •    Төлөм алуучуга ошол замат жеткирилет.

Мобилдик оператордун фирмалык түстөрүнө боёлгон аппараттар  Бишкек, Ош шаарларынан жана  Чүй областынын эл көп чогулган жайларында орнотулган. Терминалдардын даректери тууралуу маалымат компаниянын расмий сайтында жайгаштырылган. 2 ГМС маалымдамасынан https://go.2gis.com/ucutj  ( Бишкек ш.) жана https://go.2gis.com/yrnou (Ош ш.) алууга да болот.

 

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы